МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Эки айлык наристени ажыратып..же Өзбекстандагы кыргыз келиндеринин кордугу

el_kdm_001
Фергана шаары менен Кадамжайдын аралыгы өтө жакын болгондуктан, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары көп кыргыздар, аталган шаардагы завод-фабрикаларга иштегени барышкан. Ал кезде СССРдин мыйзамына ылайык, бардык улуттар тең укуктуу эле. Ошондуктан, кыргыздар шаардын четинен жер алышып, түбөлүктүү отурукташып, үлкөн кыргыз айылдарын түптөшкөн. Ошол Өзбекстандын айылдарындагы кыргыздар өздөрүнүн тарыхый мекенин унутпастан, кадамжайлыктар менен тыгыз байланып, куда-сөөк болушуп, «ысык-суук» мараакелерде дайым бирге болуп келишет.
Эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, коңушулар менен «бүтпөс» проблемалар пайда болду. Тактап айтканда, Өзбекстанга турмушка чыккан кыргыз келиндеринин тагдыры кыйынга турду. Эки кадам жердеги төркүнүнө өтө албай, көз жаш төккөндөрү канча. Бирок, азыркы жаштардын арасында, миң тоскоолдукка карабай, тагдырга моюн сунуп, баш кошкондор жок эмес.
Айша ошондой жаштардын бири. Касиеттүү Кадамжайдын тоолуу айылдарынын биринде туулуп өскөн. Мектепти бүтүрүп, Оштогу тигүүчүлөрдүн окуу жайында окуп жүрүп, Намангандык Касымжан аттуу кыргыз жигити менен таанышат. Бири-бирин жактырышкан эки жаш, кыйла сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.
Наманганга келишип, эл катары жер иштетишип, турмуш жолун улантышат. Тез эле арадан бир жарым жыл өтөт. Бирок эки жаш үйлөнгөндүгү тууралуу документештирүү жагын ойлошкон эмес.
Айшанын ай, күнү жетип, балалуу болушат. Төрөтканадагы дарыгерлерге акча берип, медициналык тейлөө иштерин бүтүрүшсө да, келиндин кыргыз паспорту менен жашап жүргөнү милиция кызматкерлерине дайын болуп калат.
Касымжандын үйүнө капысынан кыштын суук күндөрүндө, милиция кызматкерлери келишип, өзүн, аялын жана баласын машинага салып, чек арага алып барышат. Ал жерде бийлик адамдары орой мамиле жасашып, эки айлык баланы чыркыратып, энесинен ажыратышып, күйөөсүнүн колуна карматышат.
Айшага кыргыз жараны Кыргызстанда жашаш керектигин катуу эскертип, кыргыз чек арасы тарапка өткөрүп салышкан. Эмчектеги баласына ичи ачышкан жаш эне көз жашын көлдөтүп, кантип төркүнүнө келгенин билбей да калыптыр. Арадан бир жума өткөндөн кийин өзбек чек арачыларына акча берип, наристени Кыргызстанга өткөрүшкөн. Бирок, эки жаштын мындан аркы турмуш жолун улантуусу али белгисиз.
Урматтуу азиз окурман!
Түштүк жергесинде мындай миграция маселесине байланышкан окуялар, фактылар көп кезигишип жатат. Кыргыздын кыз-келиндери үй-бүлө багам-деп Россияда, Казахстанда кордук көрүп жүрүшкөн фактылары да жашыруун эмес. Ал эми кыргыздын кызы коңушулаш Өзбекстанга турмушка чыгып, кордук көргөнүнө не дейсиз?
Өзбекстандагы кыргыз элчилиги, укук коргоочулар, аталган өлкөгө турмушка чыккан кыргыз келиндерин көзөмөлгө алып, укуктук маселелерине жардам берсеңиздер. Анткени кыргыздын «Кыздын кырк чачы улуу» деген нускалуу кебин унутпасак.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы Кадамжай району

5 Пикирлер

  1. Куйо баланы кыргызтанга алып келиш керек,башка жолу жок.
    Биз да тартипти Озбекстандай орнотушубуз керек.
    Бизде канча озбек мигранттар иштеп журушот,алар менен эчкимдин
    иши жок,биздин ички органдар аларды кооруп, чек-арадан откозуп койуп жаты
    шат.

  2. Узбекстандын президентинин кругозорунун пастыгы. Бул пешенеда, турмушта. Не башка мамлекеттен чыгарып койуп атавы тийген кыздарды. Просто детсад.

  3. БУЛ ЖЕРДЕ КЕП КЫЗДАРДЫН СУЙУУСУНДО ЭМЕСДА, АР ТУРДУУ КЫРДААЛДАР БОЛОТ. МИСАЛЫ: ТУУГАНЧЫЛЫГЫН АЛЫСТАТКЫСЫ КЕЛБЕГЕН АТА -ЭНЕЛЕРДА КЫЗДАРЫНЫН УШУНДАЙ АКЫБАЛДА КАЛУУСУНА ТУЗДОН-ТУЗ СЕБЕПЧИ БОЛОТ. КАНТСЕДА ЖОГОРУДА ДООЛАТ МЫРЗА АЙТКАНДАЙ БИЗДЕДА ОЗБЕКСТАНДАГЫДАЙ МЫЙЗАМДАРДЫ ОРНОТУУ КЕРЕК.

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы