МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы

Акрамжан Мадумаров_ 2
МАДУМАРОВ АКРАМ КАМБАРАЛИЕВИЧ

1977-жылы азыркы Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган. 1994-жылы аталган айылдагы А. Орозбеков атындагы орто мектебин бүтүргөн соң, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетине тапшырып, 1999-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошол эле жылы аталган жогорку окуу жайдын аспирантура бөлүмүнө кабыл алынган.
А.Мадумаров аспирантурада окуп жүргөн жылдарда, өлкөбүздүн агрардык багытын өнүктүрүү максатында, бир топ илимий макалаларды жазган. Андан сырткары агрардык академиянын анатомия жана физиология кафедрасында ассистент кызматынан баштап, окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген. Жаш кадрларга терең билим жана татыктуу тарбия берүүдөгү өзгөчө эмгеги жогору бааланып, 2005-жылы аспирантураны бүтүргөн соң, “биология илимдеринин кандидаты” илимий даражасына ээ болгон. Андан кийин Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын “тышкы байланыштар” бөлүмүн аяктаган.
2006-жылдын апрель айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгында өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти, 2008-жылдын сентябрь айынан Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тартып, 2013-жылдын 22-январына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын аппаратында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы системасында эмгектенген мезгилден баштап, мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөн иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө түздөн-түз катышып келген.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
“Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси” – класстык чинине ээ.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы