МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Элеттеги сүрөткер “КЕРЕМЕТ ТАБИЙГАТТЫ СҮЙӨМ”

Сүрөтчү_2
Калаадагы оорукананын күн чыгыш тарабындагы бир палатасында оорулуу терезеден сыртты карап, саргайган жалбырактардын күбүлүп түшүп жатканын аңдап өмүрүнүн акыркы мерчемдерин сарсанаа менен өткөрүп, купкуу бойдон үмүтсүз, арык сөлөкөт бойдон жатты. Шамалга түшкөн бариктер анын өмүр бактысын, жашоо саатын кыскартып жаткандай сезилет. Кеселмандын туугандары санаага батышты. Анын уул-кыздары, а түгүл мотурайган неберелери да кошо оорушуп, азап тартышып не кылар айласын билишпейт. Тун уулу бир кезде атасынын бактагы дарактардын бариктерин көз албай тиктегенин байкайт. Дароо маселенин чоо-жайын баамдап сүрөткер досуна барып, тезинен ооруканага, аяш атасынын жанына алып келет.

Сүрөтчү_1
-Курбум, бир ылаажы тап. Атамды сактап кал. Койкадан сыртка саресеп сал.
-Болду. Түшүндүм.

Ошентип ал үйгө келери менен өнөрканасына кирип карыя көз албай карап жаткан дарактын терезеден көрүнүшүн так өзүндөй кылып түнү бою кирпик какпай тартып чыгат. Эртеси даарыгерлер менен масилеттешип терезенин ордуна ошол картинаны илип коюшат. Кадимкидей пейзаж. Бактын бариктери сакталып туру. Муну менен достор жана шыпаакерлер пациенттин өмүрүн сактап калышты. Ал өмүр шамы өчпөсүнө ишенди. Бариктер түшүп түгөнгөн жок. Мына замандаш сүрөтчүлүк өнөрдүн касиети. Мындай художниктер жер жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да бир топ. Алардын бири Кыргызстан Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, бир топ республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, Кадамжай районунун айтылуу Шаймерден суусунун алабындагы эң бир гөзөл Жийделик айылында “узанып” элеттик талантка айланган Абдыраим Абдырахманов.
Ал Союздун учурунда эле сегизинчи классты ийгиликтүү аяктаган соң таякесинин сунушу менен Ташкендеги сүрөтчүлүк окуу жайына бир жыл бою ар кайсы студияларда даярданып жүрүп, бешене тери жана кудайым берген таланты менен өтүп кеткен. Коңшулаш Өзбекстандагы Яков Васильевич, Диляр Имамов, Эркин Халмухамедович өңдүү таланттуу педагог-устаттарынан таалим-тарбия алып өмүр бою ушул живопистик кесипти тандап алды. Дипломдук ишин башкаларчылап плагиаттык менен көчүрүп албастан, өзүнүн нукура эмгегин жаратат. Анан устаттарынын сунушу менен Киевдеги сүрөтчүлүк институтуна өтүп талыкпай билим алат. Аны ийгиликтүү бүтүрүп келип, Ферганадагы көркөм фондуда, кийинчерээк үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өзү туулуп өскөн Кадамжайга келип, сурма комбинатында эмгектенди. Эгерде ал айылда калбай Ташкент же Москвага кеткенде эбак эл сүрөтчүсү же маданиятка эмгек сиёирген ишмер болмок. Деги эле ар кандай өнөрдүн залкарларынын басымдуу бөлүгү айыл-кыштактардан чыга алышпай жүрүшкөнүн ким танат?
Мына анын колунан жаралган “Байыркы обон” картинасынын жанында турабыз. Татынакай кыргыз кызы ооз комузда ушунчалык бир берилүү жана ынтаа коюу менен музыка дүйнөсүнө аралашып жатат. Арткы планда байыркы кыргыз руни жазуулары бар таштар. А түгүл кайберен да мемиреп, аскадагы бүркүт учпай тыңдап жаткандай. Бүткүл аалам музыкага чулганган. Ар түрдүү түстөрдүн контрасты. Бул Абдыраимдин дүйнө таанымы, көз карашы. Ал эч кимге окшобойт. Нукура өзүнүн стили. Ал эми “Азирети-Али мечити” картинасында Кыргызстандын эң бир кооз жана ыйык Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Азирети Алинин кадам изи түшкөн капчыгайдын оозундагы баалуу таш, түбүндө таштан ташка урунуп аккан, Ак-Суу дарыясы, арстандардын эстелиги, Чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө салынган ыйык жай, тасмадай созулган асфальт жол таасын чагылдырылган.
А.Абдрахманов Кыргызстандын бир топ аймактарында болуп, тоолуу жергебиздин сулуулугуна көзү тойбой келет.
-Биздин керемет жаратылыш чын эле арабдар айткандай бейиштин төрүбү дейм. Мындай контрасттуу өлкөнү планетабыздан кезиктирүү кыйын. Бир жагында жайкы аптап болсо, экинчи тарабында күз мөөсүнү жакындап калат. Бийик тоолордон жыл ичи кар кетпейт. Бак-дарактардын, канаттуулар менен жапайы айбанаттарын айтпайсызбы. Биздин бешенебизге ушундай ажайып аалам тартууланганына шүгүр кылалы! Биз үчүн кыргыз жери түгөнгүс, бүтпөгөн тема,- дейт замандашым чын дилинен.
-Эгерде мага чет өлкөгө баруу бактысы туура келсе шыр эле Италияны көздөй жөнөмөкмүн. Ал жерден орто кылымдардын залкар сүрөткерлери Леонардо да Винчинин, Микеланджелонун жана башка кайталангыс таланттардын чыгармалары менен оригиналдан жеринде таанышып ыр каталмакмын.
-Абдыраим, мен биздин сүрөтчүлөр мындан миң жыл мурда жашап өтүшкөн, фотосүрөткө таптакыр түшүшпөгөн Абу Али ибн Сина, Аль-Хорезми, Низами, Фирдоуси, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Саади сыяктуу улук инсандардын портреттери кандайча тартылганына, эстеликтери тургузулганына тан беремин. Эми аларды көргөн адамдар болбосо. Бала-бакырасы, а түгүл урпактары деле калбаса, кантип окшоштурушат? Же эл билбейт деп чамалап тарта беришеби?
-Бул өтө олуттуу маселе. Биринчиден көркөм өнөрдө азияттык, европалык бет түзүлүш деген бар. Экинчиден, бул улук адамдардын мээ көрүнүшү же скелеттери археологдор тарабынан изилденип окшоштуруунун жол-жоболору бар да. Эми фото сүрөттөгү ксерокопиясы чыгарылбаса да, ошол замандын адамдарынын жаркын образдары абдан жакындаштырылып жаралат деген пикирдемин.
-Өмүрүңдөгү эң бактылуу күн кайсы?
— Андай күндөр көп эле болду. Биринчи уулдуу жана неберелүү болгонум. Баарынан да 1985-жылы “Фергана өрөөнүнүн түркүн түстөрү” деген жаштардын көргөзмөсүнө, 2001-жылы Франциядагы эл аралык живописчилердин көргөзмөсүнө катышып, чыгармамдын каталогго киргизилгени болду. Жакында Ошто Гапар Айтиевдин 100 жылдык маарекесине арналган көргөзмөгө катыштым. Ага коюлган “Периштелер”, “Тилек-бата”, “Айга караган философ”, “Жийделик капчыгайы” жана “Айланпа” деген картиналарым көрөрмандардын купулуна толду го.
-Алдыдагы пландарың кандай?
-Эми ар кайсы художниктей эле республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, чыгармачылыгымды өркүндөтүү. Мен мамлекетибизде улуттар аралык ынтымак-ырашкерлик, жергебизде тынччылык болуп, сүйүктүү Кыргызстанымдын дүйнөнүн гүлдөгөн өлкөлөрүнүн катарына кошулуусун каалар элем.
-Сага да жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакты-таалайды каалайбыз!

Адылжан Жажанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы