МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Адамдарга өмүр жана ден соолук тартуулаган дарыгер

el_kdm_001Өз кесибинин мыкты адиси катары таанылган 30 жылдан бери калктын саламаттыгы үчүн күрөшүп, учурда РФнын Татарстан Республикасында 10 жылдан бери үзүрлүү иштеп жүргөн жердешибиз хирург Ражавали Кожоев 1959-жылы Орозбеков айылында туулган. Медициналык институтту бүтүргөндөн кийин алгач эмгек жолун Бишкек шаардык ооруканасынан баштаган. Андан Ошто, Ереван шаарларында эмгектенген. 1992-жылдан 2004-жылга чейин Кадамжай райондук аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө бөлүм башчылыгына чейин жетип, иштеп келген.
Ал эми 2004-жылдан бери ушул РФнын Татарстан Республикасынын Спасский райондук борбордук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.
Бул жерде да Ражавали аке өзүнүн жогорку категориядагы хирург-дарыгер катары тааныта алыптыр. Анын ишмердүүлүгү жөнүндө Татарстандын интернет-сайттарынан орун алганына да күбө болдук. Мындан тышкары Татарстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталарын да 2 жолу алганга жетишкен.
Ражавали Кожоев хирург болууну жаштыгынан самаган экен. Жаш кезинде балакет басып, агасынын бутуна учтуу темир сайылып, ар жагынан тешип чыгып калат экен. Муну көргөн апасы эсин жоготот. Ошол учурда ооруканага жеткиришип, дарыгерлер операция жасашып, баланын бутун сактап калышат. Ошондон кийин муну көргөн Ражавали Кожоев элди дарылоону алдына максат кылып койгон.
Албетте, бул аз эле убакыттын ичинде чет өлкөдө мындай бөлүм башчылыгына же элдин ишенимине арзуу оңой эмес.
Жакында Ражавали аке эмгек өргүүсүнө чыгып, өзүнүн туулуп-өскөн Орозбеков айылына келип, эс алып жаткан учуру. Ражавали Кожоев: «Кадамжай элин ыйык «Орозо Айт» майрамы менен куттуктап, элибиздин тынчтыгын, аманчылыгын каалайт. Калкыбыздын ден соолугу чың болуп, эч ким оорубасын»-деп тилейт.

Асылбек Тажибаев

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы