МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

70 жашка чыкмак (фото)

el_kdm_001Бүт өмүрүн ушул райондук гезитке арнап, улуу-кичүүгө таанылып, кадыр-барк күткөн Токур Маматкаримов тирүү болгондо быйыл 28-ноябрда 70 жашка чыкмак. Токур Маматкаримов жөнүндө жакшы айтып, таамай баа берүү биз өңдүү шакирттеринин парзы болсо керектир. Мамлекеттин, областтын жана райондук жетекчиликтердин жүргүзүп жаткан күндөлүк уюштуруучулук саясий иш чараларын гезит аркылуу массанын кеңири катмарына жеткирүү, аларды турмушка ашырылышына жакындан таасир көрсөтүү менен  районубузда таанылган инсан. Бизге окшогон шакирттерине  акыл-насаатын айтып, мен сыяктуу жаш журналисттер баары Токур Маматкаримов менен ийиндеш иштегенибиз үчүн, андан тактыкты үйрөнүп, таалим-тарбия алгандыгыбыз үчүн өзүбүздү бактылуу сезебиз.

70 жашка чыкмак                                                           Сүрөт - «Эл жарчысы» гезитинин архивинен

Токур Маматкаримов редакцияда иштөө менен эле жеңил турмушту башынан кечирген жок. Мезгилдин агымы менен тең тайлашкан басма сөздүн ордосу болгон райондук гезитте 44 жыл талыкпай иштөөнүн өзү эле чоң сыймык.  Бул кишидей өз ишине жанып-күйүп, чын дилинен берилип иштеген жетекчилерге жетүү кыйын болуп баратат. Эмнеси болсо да, жакшы адамдын жакшылыктарын көңүлгө түйүп жүргөнүбүз оң.

Токур Маматкаримов устатыбыз катары биз үчүн ар дайым үлгү, ар дайым сыймык  болуп кала берет.

Асылбек Тажибаев

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы