МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Алдыңкы мээрбан эже эле (фото)

el_kdm_001Райондогу спорттук, майрамдык жана түрдүү иш чара болсо, медициналык  тез жардам бөлүмүнүн фельдшери, жогорку категориядагы мээрбан эже  Акматалиева Бурул  ошол жерде болчу. Өмүрү кыска экен. Күтүлбөгөн жерден инфарк оорусу кармап, өмүр менен кош айтышып кете берди. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө да жакында районубузда  болуп өткөн республикалык жаштар арасындагы «Ушу-Саньдо» боюнча мелдеште жана өткөнкү аптадагы жарандык коргонуу машыгууларында активдүү катышкан эле. Кудайдын жазмышы экен.

Акматалиева Бурул Курбановна 1962-жылы 13-июнда Халмион айылында туулган. Орто мектепти бүтүрүп, 1981-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайына кирген. 1983-жылы окууну ийгиликтүү бүтүрүп, районубуздагы аймактык оорукананын ЛОРдун мээрбан эжеси болуп иштөөдөн баштаган. 1989-жылдын 1-августунан өмүрүнүн акырына чейин тез жардам бөлүмүнүн фельдшери болуп иштеп келди.

Алдынкы мээрбан эже эле                                                            Сүрөт - «Эл жарчысы» гезитинин архивинен

Өмүрүңүз кыска экен Бурул эжеке. Райондогу иш чаралар эми Сизсиз кандай өтөт? Сиздин ордуңуз опол тоодой билинет эми. Артыңызда калган шакирт мээрбан эжелер баары бир Сиздей боло албайт. Мындан биз, районубуз дагы бир орду толгус жоготууга учурады десек болот. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы