КЫРСЫК

24 адам каза болду

el_kdm_001
2012-жылдын 11 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында 100 жол кырсыгы катталып, анын ичинде 24 адам каза болгон. 153 адам ар кандай жарааттарды алышкан. 
Ал эми жаш балдар арасында 18 жол кырсыгы катталып, 6 бала каза болуп, 18 бала ар түрдүү жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Кадамжай РИИБнүн ЖКК бөлүмчөсүнүн инспектору, милициянын лейтенанты Акылбек Алимбеков билдирди.
Айрыкча Ош-Исфана жаңы жолу кандуу келгенин көпчүлүккө маалым. Элдин кээ бирлери жол тар десе, тегиз жол көрбөгөндөй машиналарды аша чаап ылдамдыкта айдагандардын себеби дегендерда бар.
Кырсыктардын көбү дал ушул жолдо болуп жатат. 12-декабрь күнү саат 17:00 чамасында, Халмион айылынын түндүк тарабынан өткөн Ош-Исфана жолунда эки авто унаа кагылышкан.
Натыйжада Деу-тико унаасынын жүргүнчүлөрү Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургундары Султанов Абдинаби жана Темирова Насипалар окуя болгон жерде каза болушкан. Сангенг-муссо автоунаасынын жүргүнчүсү Лейлек районунун тургуну Карызакова Амира денесинен жараат алып Кадамжай ооруканасына кайрылган.
Урматуу жүргүнчүлөр кыш айларында жолдор тайгак болот. Абайлап жүрүңүздөр. Балдарыбызды көзөмөлгө алалы.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы