Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында шахтага көмүр казуу максатында кирип кетип кайра чыкпай калган жарандын денесин издөө иштерин токтотуу жөнүндө чечим чыкты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдайт.
Эске салсак, 2-декабрь күнү Валакуш айылынын тургуну 1969-жылы туулган С.Каимов Тегирмеч чегиндеги көмүр шахтага, көмүр казуу үчүн кирип кетип кайра чыккан эмес.
5-декабрь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссия курамы С.Каимовдун денеси жаткан жерге барууга мүмкүн эместигин жана анын туугандарынын өтүнүчтөрү, доо-арыздары жоктугун эске алуу менен анын денесин издөө иштери токтолду.