Алиев Бахадыр Алиевич 1952-жылы Кадамжай районунун Орозбеков айылында туулган.
Эмгек жолун 1968-жылы Кадамжай сурма комбинатында токарь болуп иштөөдөн баштаган.
1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1972-1975-жылдары Ош айыл чарба техникумунда окуп, агроном кесибине ээ болгон.
1975-жылы Фрунзе райондук үрөн инспекциясында техник-лаборант, 1976-жылдан Кадамжай совхозунда талаа бригадири, агроном-энтомолог болуп иштеген.
1986-1995-жылдары “Кыргыз айыл чарба химия” бирикмесинде башкы агроном.
1995-жылдан Кадамжай айылдык комитетинде төраганын орун басары. Орозбеков айыл округун башчысынын орун басары.
1997-жылы Кадамжай райондук жер жана агрардык реформа борборунда жер адиси.
2005-жылдан тарта райондук агрардык өнүктүрүү башкармасында башкы адис болуп иштеп келе жатат.
Кадамжай районунда айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу менен райондун аймагында үрөөнчүлүктө, мал чарбачылыктын асылдуулугун көтөрүү иштерин жакшыртууда алгылыктуу иштерди жасап, көйгөйлөрдү чечүүдө чоң салымын кошуп келет.
Б.Алиев кайсыл жерде иштебесин өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү менен өз кызматын жоопкерчилик менен аткарат.
Үй-бүлөлүү 3 кыз, 3 уулдун атасы.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан Алиев Бахадыржан Алиевичтин айыл чарбасына синирген эмгегин баалап, “Айыл чарбасынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.
Атайын кабарчыдан
ийгилик