МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы

манас саматов
1954-жылы 9-мартында Кадамжай районуна караштуу Айдеркен шаарынын Жаңы-Коргон айылында туулган. 1972-жылы орто билимге ээ болгондон кийин К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институнун механика факультетине тапшырып, 1977-жылы айыл чарбасынын инженер-механик адистигине ээ болот.
1978-жылы Челябинскийдеги СССРдин айыл чарбасынын механизациясы жана электрофикация институнун аспирантурасынан билимин уланткан. Аспирантурада окуп жүргөн кезинде, эң жакшы ийгиликтерге жетишип, окумуштуулардын чечими менен Москва шаарында кандидаттык диссертациясын жактап, техника илимдеринин кандидаты болгон.
Жаш окумуштуу эмгек жолун Ташкент мамлекеттик айыл чарба институнун Ферганадагы филалында иштөөдөн баштаган. Аталган окуу жайда, өзүнүн талыкпаган педогогикалык жана илимий иштеринин натыйжасында, окуу жана илимий иштер боюнча проректор болуп иштеген. Андан кийин Өзбек республикасындагы Проект-технологиялык институнда бөлүм башчы, башкы адис кызматтарында эмгектенип, илимий иштер боюнча бир топ тажырыйба алганга жетишкен. Өзбек республикасынындагы Илимдер Академиясынын жаш окумуштуулар сыйлыгынын лауреаты наамын алган.
1991-жылы Манас Парманович чет өлкөлөрдө алган билимин, тажырыйбасын жаш кыргыз мамлекетинин айыл чарбасын өнүктүүрүгө кошуу максатында, өз мекенине иштөө үчүн келген. Өлкөбүздө биринчилерден болуп, айыл чарба багытындагы «Манас Саматов» көп тармактуу ишканасын түзгөн.
М.Саматовдун окумуштуулук билими жогору бааланып, К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институнун чет элдер менен байланыш жана экономикасы боюнча проректору кызматы сунушталган. Көп жылдар жаш кадрларды тарбиялап, татыктуу билим бергенге жетишти.
2006-жылдан бери Германиянын «Амозоне» заводунун Орто Азия мамилекеттериндеги регионалдык өкүлү болуп иштеп жатат. Окумуштуулук иш сапары менен Германияда, Голлондияда, Бельгияда, Турцияда, Кытайда, Бириккен Араб Эмаратында, Россияда, Эстонияда, Латвия мамлекеттеринде болгон.
Кыргыз айыл чарбасына сиңирген эмгеги үчүн «Манас 1000» медалы менен сыйланган.
Кыргыз, өзбек, орус, англис тилдерин билет.
Манас Парманович төрт перзенттин бактылуу атасы. Аялы Саматова Бахринса Ормоновна Бишкек шаарындагы №35 мектепте башталгыч класстардын мугалими, билим берүүнүн отличниги. Балдары ар кандай тармактагы жогорку билимдүү адистер.

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы