КЫЗМАТТЫК ДАЙЫНДООЛОР

КАДАМЖАЙЛЫК ОКУМУШТУУЛАР

Ташполотов
ТАШПОЛОТОВ ЫСЛАМИДИН ТАШПОЛОТОВИЧ

Бүгүнкү рубрикабыздын мейманы, профессор Ташполотов Ысламидин Ташполотович 1954-жылдын 26-июнунда Кызыл-Булак айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1971-жылы Карл Маркс (азыркы Көксал Топтан) атындагы орто мектепти аяктап,Ош мамлекеттик педагогикалык институнун (азыркы ОшМУ) физика-математика факультетинен билимин уланткан.
1975-жылы аталган окуу жайын артыкчылык диплом менен аяктап,Советтик Армиянын катарына чакырылат. Армиядан кийин Фрунзедеги политехникалык институнун (азыркы КТУ) Оштогу жалпы техникалык факультетинде улук лаборанттык кызматтан эмгек жолун баштаган.
1977-жылдын декабрь айынан М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин “Газдар жана толкундар динамикасы” кафедрасына стажер-окутуучулук кызматына которулат. Бир жыл иштеген соң, аталган кафедранын сунушунун негизинде, аспирантурага кабыл алынып, илим-изилдөө иштери менен алектене баштаган. Аспирантурада окуп жүргөн жылдарда, атактуу академик, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Х.А.Рахматуллин жана химия илимдеринин доктору Б.Ф.Садовскийлерден таалим-тарбия алып,алардын жетекчилиги астында 1983-жылы кандидаттык диссертация жактап, физика-математика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болот.
Жаш окумуштуу кыргыз техника тармагынын өркүндөтүү максатында, кайрадан эле ФПИнин Оштогу факультетине келип,окутуучу,улук окутуучу,декандын окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеп, азыркы күнгө чейин жаш кадрларды тарбиялоого билимин, тажырыйбасын жумшап келет.
1990-жылы Ош жогорку технологиялык колледжинин инженердик-педогогикалык, маалымат технологиялык факультеттеринин деканы. Ал эми 1995-жылы Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыядагы филиалынын директору, андан кийин Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы институнун директору кызматтарын аркалаган.
2002-жылы ОшТУнун тышкы байланыштар департаментинин жетекчиси, Түштүк нефти-газ жана энергетика институтунун ректору, ОшМУнун алдындагы Энергоресустар жана коммуникациялык технологиялар институтунун директору, физика-математика факультетинин деканы кызматтарында иштеген.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук академиясында “Микро жана макроскопикалык конденцияланган системалардын синергетикасы жана фракдары”-деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, физика-математика илимдеринин доктору, профессор наамы ыйгарылган.
2008-жылы Бишкек финансы экономикалык академиясынында илимий иштер боюнча проректору кызматында иштеп, кайрадан 2009-жылы ОшМУнун тышкы байланыштар департаментинин башчысы жана физика адистиги боюнча диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары кызматтарында эмгектенген.
2011-жылдан азыркы күнгө чейин “Телекоммуникациялык системалар” кафедрасынын профессору жана КРнын Улуттук байланыш борборунун директору кызматтарында иштеп келе жатат. Ошондой эле КРнын Инженердик жана Россия табият таануу академияларынын мүчө-корреспонденти. Техникалык илим-изилдөө тармагындагы “Перспективдүү технологиялар жана материалдар”-деген аталыштагы электрондук илимий журналдын башкы редактору.
Окумуштуу Ы.Ташполотовдун көп жылдык илимий-педогогикалык эмгек тажырыйбасынын натыйжасында, 150 дөн ашык илимий макалалар, 2 монография, 5 патент, 30 ашык илимий-усулдук чыгармалардын автору болууга жетишкен. Андан тышкары анын жетекчилиги менен 4 аспирант кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жактаган.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы