Бүгүн Кадамжай районунун Марказ айыл округундагы №33 кесиптик лицейде Кыргыз Эл баатыры маркум Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата Баткен облусунун кесиптик техникалык лицейлеринин ортосунда спартакиада болуп өттү. Алгач А. Масаливдин өмүрүн чагылдырган сүрөттөр, кесиптик лицей окуучуларынын колдорунан жасалган буюмдар көргөзмөсү болду. Тарыхчы мугалимдер тарабынан А. Масалиев тууралуу докладтар окулду. Спорттук мелдеште байгелүү орун алгандарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан баалуу белектер берилди.
«Эл жарчысы»