БИЛИМ, ИЛИМ

Аким айыл аймактарында…

Аким айыл аймактарында_1
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров айыл аймактардын акыбалы, айрыкча мектептердеги билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын окуу китептери менен камсыз болуусун билүү максатында иш сапары менен Көтөрмө жана Орозбеков айыл аймактарына барды.
Райондун акиминин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров жумушка киришкен күндөн баштап эле, мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жакшыртуу максатында, биринчиден окуу китептери менен толук камсыз болуусун баса белгилеп келет.

А.К.Мадумаровдун бул иш сапарында айыл аймактарындагы социалдык обьектердин бир тобу менен да таанышып чыкты. Айрыкча, Көтөрмө айыл округундагы аткарылган иштер келген адамдын купулуна толору белгиленди. Албетте, бул жерде айыл аймагынын башчысы М.Токторовдун эмгегинин чексиз экендиги даана көрүнүп турат.

Аким айыл аймактарында_2
Ошондой эле А.Мадумаров Орозбеков айыл аймагындагы бир топ жылдан бери курулушу бүтпөй турган С.Тешеев атындагы мектептин курулушун көрүп чыгып, быйылкы жылы толугу менен бүткөрүүгө жакындан жардам берүү жагын айтты. Бул аталган айыл аймактарындагы мектептердин баары менен жакындан таанышып, эмки жаңы окуу жылына окуучулардын окуу китептери менен толук камсыз болушуна түздөн-түз кийлигишип, жардам берүүсүн мектеп директорлоруна жана мугалимдер жамаатына билдирди.

Атайын кабарчыбыздан

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы