Данияр Жолдошов – 1992- жылы, Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасында төрөлгөн.
Айдаркен шаарында жашайт
АТА – ЭНЕ
Мен раазымын Апакеме төрөгөн,
Алдей айтып Ак бешике бөлөгөн.
Азап тартып жыгылайын деседа,
Сен жыгылба балам деген жөлөгөн.
Апакебай жарык дүйнө өзүңүз,
Жашоодо сиз жанып турган көзүбүз.
Айткан сөзүн унутпаймын апаке,
Акылманым даанышманын өзүңүз!
Түштө көрүп жаткыла
Эх, Кыргызым учуп канат каккыла,
Энелерди таштабада, баккыла.
Эң кымбаты бул жашоодо биз үчүн,.
Энелерди түштө көрүп жаткыла!
Арам ишке барбай андан кайткыла,
Аталар да аман болсун бактыма,
Ак эмгекте багып бизди чоңойткон.
Аталарды түштө көрүп жаткыла!
Кайгырбада алга кадам баскыла,
Кыз баланын көңүлүнү тапкыла.
Кириң жууп, тамагыңды жегизген,
Карындашты түштө көрүп жаткыла.
Аалам отун ар убакта жаккыла,
Алтын башка жубунорду тапкыла.
Ал жаштыктан бирге өсүп чоңойгон,
Аганарды түштө көрүп жаткыла.
Илим билим көбүн силер тапкыла,
Изденүүгө жүгүргүлө шашкыла.
Иштериңде жардамыны көрсөткөн,
Инилерди түштө көрүп жаткыла.
Эмгек менен дайым алга шашкыла,
Эрдик менен душман кирсе аткыла.
Эрте туруп мектебине жөнөткөн,
Эжелерди түштө көрүп жаткыла.
Мухаммед деп азан үнүн ачкыла,
Мазмуунуну китептерден тапкыла.
Мусулмандар элчи болгон адамды,
Мухаммедти түштө көрүп жаткыла.
Атакемди эскерүү
Көп киресиз уктап жатсам түшүмө
Көргүм келет ата сизди өңүмдө
Сүрөтүңдү көз алдыма келтирип
Ыйламсырап жаш аламын көзүмө
Кээде көрүп сизге окшош адамды
Окшоштуруп атакелеп аламын
Атакеме окшоштугун кара деп
Аркасында ызалаанып калам мен
Атаке биз менен түбөлүккө коштошуп
Ыйлатып эстеген сайын боздотуп
Атасына суктандырып бирөөнүн
Неге бизди ушунчалык кыйнадың?
Ар убакта ак эмгекке баккансыз
Үмүтүм чоң силерден деп айткансыз
Мына эми эмгегиңди актаар кезде
Жанды берип топуракка баткансыз
Атыңыз да баркыңызда да башкача
Касиетиңиз ыйманыңыз таптаза
Эх, атаке өзүн жалгыз болгондой
Мүнөздөрүн эч окшощбойт башкага
Жароокерим неге мынча ыйладың
Жароокерим неге ыйладың мынчалык
Сууланышты көз жашыңа куш жаздык
Кеч келипмин ушул кербез дүйнөгө
Кечир сулуу кеч жолуктук менде айып
Неге ыйладың ичтен сызып буулугуп?
Мукам үнүн турду муңдуу угулуп
Не дееримди биле албай апкаарып
Жарытар сөз чыкпай менден суурулуп
Айтчы эркем неге мынча ыйладың
Сагындыңбы балалыктын нур жазын?
Тагдырыңа таарындыңбы ооматсыз
Тартуулаган жалгыздыктын уу зарын
Неге ыйладың түн көшөгө тартканда?
Көз жашыңа күбө жылдыз асманда
Бак ичинде кадам шилтеп бет келди
Сыйбай турдум жер шаарына ааламга
Көңүлүң суз баардыгына кайдигер
Ким болду экен көз жашыңа себепкер
Асыл жанга кыянаттык кылышат
Эмнеликтен коодон көр пенделер
Бул накыл сөз жашап келет абалтан
Эки жакшы бир болушпайт эч качан
Бакыраң көз бактым менин адашкан
Бал шириним сага жазам ыр дастан
Ийгилик сага жаш акын. талантын оркундой берсин.