АДАБИЯТ

Чыркыраган чындык

азамат
Россияда гана эмес, өлкөбүздө болуп жаткан ар кандай окуяларды камтыган жана ачуу болгон чындык чагылдырылган «Чыркыраган чындык» аттуу ырымды берүүнү туура таптым.

Чыркыраган чындык

Россиянын пайдасы, пулдуу болду канчасы,
Тыгылды го машинанын түрү менен маркасы.
А зыяны ыйлап жатат канча кыргыз апасы,
Ар апанын балам деген батасы.

А кыздарың аборт кылып өз баласын өлтүрдү,
Кыргыз кызын орусчалап сөктүрдү,
Тажик, азер болду дешип атасы,
Бөбөктөрдү «Мос.река»га чөктүрдү.
Бул россия канчасыны көптүрдү,
Таза кыргыз намысыны өчүрдү,
Айта берсең ый армандуу көп түрдүү.

Жазбайм десең,
Ыйлап жатат кыздарың.
Сыздап жатат балдарың,
Үмүт менен жол караган чалдарың.
Күкүк эне таштап жатса балдарын.

Көп адамдар кыргыздыктан качышты.
Туурап алды батышты,
Чет жерде да жөн жүрбөстөн кыздарың,
Денелерин товар кылып сатышты.

Айта берсең мигрантта арман көп,
Өз өлкөңдө болуп жаткан ишке өт.
Өз баласын таштап ажатканага,
Таш бастырып өлсүн деген балага.
Мал кылбаган ишти кылба кыргызым,
Жардам болсо жаным сага садага.

Кылган иши митинг болду кыргыздын,
Маңкурт деген туура чыкты Чыңгыздын.
Карыялар калды зарлап көчөдө,
Арак басты ордун биздин кымыздын.

Кетсин, келсин дежур сөзгө айланды,
ОБОН аял ушул ишке байланды.
Акча чачып бийлик досу болгондор,
Депутат болуп оңой-олтоң шайланды.

Элдик дешип эл атыны жамынды,
Кыргыз жери башкаларга сатылды.
Америка мээлегенсип кыргызды,
Базасыны жылбас кылып катырды.

Диний секта басты элди аралап,
Баш айлантып бирин-бири каралап.
Ислам динин терең окуп үйрөнгүн,
Биз антпесек чоң жарака жаралат.

Акчаң жокбу? – ак халатчан карабайт,
Акчаң жокбу? – сот өкүмү каралайт.
Акчаң жокбу? – эл тартибин караган,
Милицияда ак жериңден жазалайт.

Бей-бечара ак жеринен камалды.
Билбей калдык адал менен арамды,
Кыйналгандан ушул ырлар төгүлдү,
Кыргыз азыр айтканымдай көрүндү.

Чынын айттым, мени жаман көрөрсүң,
Азамат деп атым айтып сөгөрсүң,
Чындык үчүн жаныңды бер ар бириң,
Башка түшкөн күндү өзүң көрөрсүң.

Чындык айткан жакпайт билем анысын,
Жаман дебейм мен кыргыздын баарысын.
Суктанарлык адамдар кыргызда,
Адам ата, Манас ата канысың.

Азамат Абсаттаров, журналист

4 Пикирлер

  1. Ырасында Кыргыз четтке чачылды,
    ынтымакты ураан кылып чакырды.
    Ыйык туткан Ата-журтун сагынып,
    ыйы менен эчен танын атырды. Бул ырды окуган четтен жургондорго сабак болот ,оздорун жаман создон алысыраак кармоого аракет кылышат.Ачуу чындык жазылган………..

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы