АДАБИЯТ

Айтчы, кыргыз!

el_kdm_001

Байкасаң,адам жүзүн болбойт таанып,
Ааламыңды титиретер ойго салып.
Каңырыгы түтөп күйгөн мен бир кыргыз,
Мекендешке кеңеш салдым ырым кайрып

Айтчы кыргыз, максатың не самаган,
Нечен жылдар улуу урпактан тараган.
Тоодой улук элибиздин тагдыры,
Туңгуюктуу жарга барып такалган.

Жалган дейбиз дүнүйөнү, байлыкты,
Неге анда талашабыз тактыны?!
Өз кызыгын көздөгөн эй сен кыргыз,
Унуттунбу эл алдында антынды?!

Биздер көрдүк нечендеген саткынды,
Ырысына тойбос болуп талпынды.
« Эй башы жок кеңкелес!» деп күбүрөнүп,
Кандуу жылдар көз алдыма тартылды.

Сай – сөөгү сыздап жатса элиңдин,
Ал ансайын бийлигиңе берилдин.
Кан төгүлүп жериң жексен болсо да,
Кайсы арыңа жашап жүрдүң элирип?!

Айтчы кыргыз, мүдөөң бардыр эңсеген,
Кол кармашып биримдикке кел деген.
Акыры биз убактылуу конокпуз,
Бул дүйнөгө кимдер келип ким кеткен.

Баш калкалап бөтөн жерде кыргызың,
Көтөрүнүп шум турмуштун ылдыйын.
Кетсе деле айласыз бөтөн жакка,
Ала- Тоодой жанып турат жылдызы!

Гүлбахар Якубова, Москва шаары

2 Пикирлер

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы