Бул дүйнөдө эч нерсеге теңебеймин
Апаке каарышыңды эстебеймин
Жыл жаңырып кылымдарга алмашсын
Жаш бойдон калса экендеп тилеймин
Жаңы-жылда сага өмүр каалаймын
Чын дилимден энекелеп айтамын
Жыл жаңырса картаярсың бир азга
Көөнүң ооруйт муну сага айтпаймын
Эмчектеги ак сүтүңдү эмбесемда
Эмгенсиймин апакебай таарынба
Алмаштырбайм бул ааламда өзүңдү
Асмандагы айды алып берседа
Эне болсом
Мен дагы таттуу турмуш көргүм келет
Жыпар жыттуу бала сүйүп өпкүм келет
Шылдыраган жаратылыш сулуулугу
Булактай бала үнүн уккум келет
Баш көтөрүп бажырая баскым келет
Окшошкон уул кызды тапкым келет
Буркураган татынакай жытына
Тойбосом бек кучактап жаткым келет
Эне болуп боорума кыскым келет
Апа десе кайра-кайра уккум келет
Кыз чоноюп апоо деп сырын айтса
Үн чыгарбай ичиме жуткум келет
Бала үнү тоодон аккан мөл булак
Ичсең аны суусунуңду кандырат
Баланын кыт-кыт күлгөн күлкүсү
Көнүлүңдү ачып, капалыгын жаздырат.
Бактылуу болгум келет
Канткенде мен бакыт кушун карманам?
Качангаче мен тагдырга арданам?
Бактылуу күн, жакшы жашоо барлыгын
Ооз көптүрө башкалардай айта алам?
Насип этсе менда таттуу жашасам
Бүлөө күтүп өз баламды баштасам
Айткылачы, кантип аны кура алам
Жүрөгүмдү эзип бүттү бул арман
Менин эмнеге тагдырым тайкы болду
Бакыт менден кетип калды шилтеп колду
Эми качан келээр экен мага кайра
Үмүтүмдү үзбөй карайм дайым жолду
Мен таарындым, тагдырыма таарындым
Бул турмуштун тайкысына кабылдым
Чын ниеттен жакшы жашоо курсамда
Мен негедир турмушумдан адаштым
Эми адашпай туура жарды тандасам
Эмгек менен ак иштөөдөн талбасам
Баш көтөрүп бажырайып ар дайым
Таттуу турмуш катарында мен калсам
Башкаларга мен үлгүлүү боло алсам
Бөтөндөрдүн купулуна толо алсам
Карагаттай кара көз жардуу болуп
Бактылуу күн мен ага тартууласам
Окшошкон уул-кызды таап алсам
Бакыт деген туу чокуга алып чыксам
Аппак сүттөй таптаза ак сүйүүдөн
Жаралган бөбөк жытын жыттасам
Мен сүйгөн асыл жарды качан табам
Кымбатым сүйдүм деп качан айтам
Сүйүүмдү кабыл кылса асыл жарым
Ошондо мен бакытты таба алам
Жараткандын сыноосуна чыдайын
Чыдабашка кандай айла кылайын
Бир аз чыдап тилди тишке бастырсам
Сыноолорду жеңип бакыт табаармын
Бирөө мени сыйлап, сүйүү арнаса
Ал сүйүүсүн түбөлүк бек сактаса
Менда ага сүйүүмдүү арнаар элем
Эгерде ал сүйүүсүн танбаса
Алма гүлдөп кайрадан жазда келди
Аппак гүлү кооздоду кең мекенди
Жадыраган жакщынакай жаз айында
Негедир мага сүйүү келбеди
Тешебаева Назгүл – Кадамжай району