АДАБИЯТ

Балам менин бакытым

teshebaeva-nazgulКарегиңден кагылайын бөбөгүм,
Сен бактыма кубандырып төрөлдүң.
Бактылуу бол узак жашап ылайым,
Ак жүзүңдөн жылмаюууңду көрөюн.

Жымындаган кара көзү кызымдын,
Болосуңбу асмандагы жылдызым.
Кантсе дагы эс акылдуу болсочу,
Керегине жараса дейм Кыргыздын.

Айдайларым,алтындарым кымбатым,
Чарчаганда дары болоор кубатым.
Бойго жетип көз көрүнөө чоңойгондо,
Ишеничим актасаңар урматым.

Кара көзүң карек талбай карадым,
Сулууларым,Айчүрөктөй,Маралым,
Аз убакыт көрбөй калсам караанын.
Сагынаарым,сагынамын жамалын

Садагасы санаа кетпейт оюмдан,
Жалт-жалт карап күтө берем жолуңдан,
Сен мектептен билим алып келгенде,
Суу апкелчи Исфайрамдын боюунан.

Жаратканым айдай перзент буйруду
Бактылуумун ал өзүмө туюлду
Насип кылды наристени магада
Чоңойгондо сыйласа экен улууну

Балдарымдын келечегин курайын
Алар менин улуу муунум улаарым
Кубандырат сүйүндүрөт апасын
Келечегим үмүттөрүм туягым

Тешебаева Назгүл — Кадамжай району

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы