АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Тилейм

Таңда тилейм, элим үчүн, кут бейпилдик
Сабырдуулук, ыйман-ырыс, кең, пейилдик
Эли журтумда, ынтымактуу күч орнолсо
Ошол болоор, жашоом үчүн, кепилдик,

Таңда тилейм, балдарыма чың ден соолук
Кырсык качып, көрбөсүн дейм, эч кордук
Бактылуулук, башын багып, жармашса
Ошол болоор, кудай сунган камкордук

Таңды тосом, пейилим ак, тилек менен,
Жүзүм жарык, колум жайып, ниеттенем
Үмүтүм зор, кең келечек, бакыттарга
Батаам менен, үй бүлөмдү тиреп келем.

Түгөнбөс түйшүк

Тирүүлүктүн, түйшүгү көп түгөнбөгөн,
Суурулушуп, башын багып, түнөрбөгөн,
Күнүң кайтып, кеч киргени, билинбей,
Түнүң гана убакыт болоор, үнөмдөгөн,

Тирүүлүктүн, түрлөрү көп, кулпурулган,
Түңүлбөгөн, жулунушуп, умтула алган,
Тоскоолдору чытырмандуу, болсо да,
Жеңип чыккан, андан ары чумкуй алган..

ТУМАН

Сыртта туман, күн киртейип күңүрттөйт,
Буусун ыштап, муздуу кардан, үгүттөйт,
Тегеректеп торлор, курчап тургандай,
Сүрсөң жылбай, күүсөң ылдый, күбүлтбөйт,

Кадамыңды шилтеп, бирден санайсың,
Жолдор туюк, жарк эткенди, карайсың,
Табыйгаттык, кооздуктар, ушундай,
Чоң ааламда жалгыз калган жандайсың,

Буулуккан жан, көөдөн көксөп тумчугат,
Көңүлүм тар, жайсыздыктан тунжурайт,
Жүрөк алсыз, тутана албай жалынга,
Сүйүүм кургак, сезими жок, мунжудай…

Турмуш

Турмуш салаар, арманы бар өкүнүчтү.
Жакыныңды жула тарткан, өкүрүктү,
Чындыгы жок, чыркыраткан пендеге,
Кайрымы жок, кайдыгерсиз өкүмдүктү,

Турмуш бөгөйт, бактысыздык торуна,
Кыйрын салып, тагдыр тайкы жолуна,
Кейисең да, ийилсең да, сынсаң да,
Чегинбестен ийлейт, азап-корунда,

Турмуш өтөөр, бейкапар, өз нугунда,
Сабырдуулук жеңет, шашып жулунба,
Баткагын да, чытырманын төңкөрсөң.
Баскан изден, сабак калаар, муунга…

Турмуш бирде, өйдөлөтүп, көкөлөтөт,
Бирде туртуп, кыйноосунда чөгөлөтөт,
Сыноосуна чыдабаган пенделерди,
Үйсөз- жайсыз, жылаңайлак, көчөлөтөт,

Турмуш кээде азабына салып, сындайт,
Байлыктууга, бактысыздык, берип ылгайт,
Бөөдө кырсык, тирүүлүктүн тозокторун,
Башка салып, кайгысында, чайпап кыйнайт,

Турмуш туштайт адамзатты, түйшүгүнө,
Муңга толгон, жетимдиктин мүшкүлүнө,
Ата-эненин барын, барктай албагандын,
Деми айланат, өкүнүчтүн үшкүрүгүнө…

Угузбай

Жагып жүрөт, мага бир жигит,
Көргөн сайын көңүлүм, жибийт,
Сүйлөшбөсөм черим жазылбай.
Алдымбы дейм, жүрөктү тилип,

Бир сырдуулук абдан, жарашат,
Кыздар жандап, катуу талашат.
Темир добот, айдап баратса,
Баары узатып, тиктеп карашат.

Кийген шымын, кыны бузулбай,
Черткилейсиң, чаң да жугузбай,
Көп көздөрдөн, мага утурлап,
Жагып калдын дедин, угузбай…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы