АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Пейилинди сатбагын

Таттуусу болбойт уйкунун, бейкапар болуп жатбасаң,
Даамдуусу болбойт тамактын, мээнет менен таппасаң,
Камылга болбойт жалкоодо, мээлеп гана каппасаң,
Катуусу болбойт болоттун, зергерлик менен чаптасаң,

Каардуу болбойт заманаң, пейилиңди сатбасаң,
Заардуу болбойт загараң, териң менен таптасаң,
Заңдуу болбойт садакаң, кейипиңди катбасаң,
Сыздуу болбойт таманың, тери менен каптасаң…

Сабак болот

Сен үчүн бул, кудайдын, сыноосудур,
Тирүүлүктүн, тозок сымал, кыйноосудур,
Жеңилбегин, жашоо үчүн, тырмышып,
Балким, дартың соолутар, кыйроосудур.

Сүйлөгөндө, келмең тушуп, ооз толтуруп,
Акча берсең, очойтуп чагып, коштуруп,
Жүргөнүндө жалдырап, жатып калдың,
Аз да болсо, Кудайым, кылды, чөктүрүп…

Сабыр кыл

Бар мезгилиң, эстен тангыс узаткын,
Баалуу күндү, бошотбогун, тузактан,
Жашооңдогу эргүүлөргө, жагылып,
Ойноп күлүп, ар мүнөттү, узарткын,

Ойлуу жатба, көмкөрүлүп, көмүлүп,
Күтө бербей, өзгөлөрдөн бөлүнүп,
Сокур сүйүү, бул сапарлап, көрбөсө,
Эртең келээр, тереңдикте чөмүлүп,

Бакыт кушу, эңсеп турсаң, кабылбайт,
Күтбөгөнгө, конуп калып, тамырлайт,
Шашып сүйүп, тагдырынан жаңылбай,
Сабыр кылсаң, жүрөк ачып кабылдайт…

Сабыр кылам

Сабыр кылып, күтүп келем, тажабай,
Күндү күүлөп, айга улап, калчабай,
Акыр бир күн, келээрине, шегим жок,
Туруктуулук, эч өзгөргүс, арчадай,

Сүйүүм сага, тунуп турган, акактай,
Көз мончогун тагып, койгун апаптай,
Күтө берем, сүйүүдөн, түк чарчабайм,
Чырайын түк жоготбогон, парчадай…

Сактайм

Сыймыгым өмүр, сыйкырланып мактанам,
Сыйлыгым жашоо, ыйыктыгын даңктанам,
Көзгө сайган, чырпыкты да сындырбайм,
Көңүлүм жумшак, кегим артып сактабайм,

Балдарым бактым, төшүм тосуп сактанам
Чарбагым бактуу, ташын терип таптанам
Кошоматчылык, эки жүздөөнү жек көрүп
Бетке чабар, сөздөрүм менен жалтанам

Сөздөрүм курч, душмандарым даттанаар,
Көздөрүм суз, кейисем дайым жаш тамаар,
Ынтымактуулук, ырыс-кешик болсун деп,
Акыйкат үчүн, намыс кылып, калптанам…

Сарптаба

Сүйбөгөнгө сүйкөнбө, сүйүп бир сени жарытбайт
Байлыктууга байланба, багың ачып жаңыртбайт,
Бакшыга жолуң ачтырбай, чын пейилден тиленгин.
Бүлөөсү барды азгырбай, ичиңен жээрип кирленгин,

Жалгыз болсоң, турмушта, жакшы үмүткө чиренгин.
Жашып өтбөй, буулугуп, максаттуу ишке тиренгин,
Ишин жүрбөй кыйналсаң, көп акча жумшап сарптаба,
Карыздан карыз жыйналтып, аттиң деп жерди таптаба..

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы