Кудайым берээрин унутбаса
Кудайым берекесин, күздөй берсин,
Күчөлтүп көз ачтырбай үзбөй берсин,
Күттүрүп күчтөн алып, койгон болсо,
Ар танда, сапырылтып күүбөй берсин,
Кудайым берекесин күндөп, берсин,
Мээнеткеч, багбанчыга, түрлөп келсин,
Кара жанын калч урган, кыргызыма,
Сурултуп, төгүп ашып, күүлөп берсин,
Кудайым берекесин жылдап берсин,
Карапайым эмгекчил эл, жыргап терсин
Керээли кеч түйшүктөнгөн, соодагерге,
Ургаачысы, уруктуусу, ырдап келсин…
Кудайым берекесин кыштап берсин
Каалганды каккылап кыстап кирсин,
Кетенчиктеп кире албай, калган үйгө,
Этек толгон ырыскы, жыштап келсин,
Кудайым берекесин, жаздап берсин,
Жаадыратып жайылтып, жазбай берсин,
Эски жылда, жанылып, жакын барбай,
Калган байлык мансаптан, жалгап берсин,
Кудайым берекесин жайлап берсин,
Күн нурундай жайылтып, айлап берсин,
Кирсе чыкбас бекемдеп, оозун танып,
Мартабасын бийик кылып, байлап берсин…
Күндөр өтөт өз нугунда
Күндүн нуру, тереземен шыкаалап,
Жылуулугу көңүлүмдү, сыйпалап,
Дагы бир күн, өтүп жатат, нугунда,
Сезимдерден, кусалыкты, тырмалап,
Күн бийиктеп, көтөрүлүп, төмөндөйт,
Жарыктыгы, жердин бетин көлөмдөп,
Тирүү жандар, түгөнбөгөн, түйшүктөрүн,
Кыйратсам деп, кыбырашат, чөмөлөп,
Күн да кечтеп, тоо артында бекинип,
Жалын жакбай, нурун тартты чегинип,
Дагы бир күн, өтүп кетти, билинбей,
Тагдырыңдын салганынан, жеңилип…
Курчап алды таарыныч
Күттүм сени, жыл айланып, ар убак,
Келбегенде, жообун ойумдан курап,
Үзүлбөгөн, үмүт көздөр, жалдырап,
Дале болсо, жолун карап, көп турат,
Күттүм сени, сүйүүм сага күч алып,
Жүрөгүмө жараат салып, кусалык,
Сагынычтан санаа тарткан күндөрдү,
Таарынычтар ороп алды курчанып…
Күтүү
Келем дедиң, сөзүң карма, жаңылбай,
Кыш кыйылбай, жайнап берсе, жалындай,
Күн кыскарып, түн кучактайт эрте эле,
Толуп турган, ай да күтөөр жаңырбай,
Балким чындап, жолугаарбыз, табышмак,
Түгөндү го, күткөн күндөр, карыштап,
Туу чокулуу, серпилишкен сезимди,
Бизге арнап, тагдыр сунуп, багыштаар,
Дегдеп самайм, жолуң карап, чыдамсыз
Эңсеп күтөөр, кош көңүлдөр, ынаксыз,
Тунук сүйүүң, айкын болсо жүрөктө,
Жарык чачып, жанып күйгөн чыракбыз
Кызганыч
Кызганыч да кыйыла алгыс чоң, касиет,
Ызырынткан, ич туйлаткан, зор каниет,
Кээде адамды, чектен түртүп чыгарган,
Бул мүнөзгө, сабырдуулук, бир канимет,
Кызганычтан, түптүү сүйүүң жаралат,
Кээде бузуп, жек көрсөтүп жадатат,
Мыкаачылык, көралбастык, күч алып,
Жанын кыйнап, жүрөктөрүн, канатат,
Кызганганда ойлор, жомоктой болот,
Шекшип турган адам, бөлөктөй болот,
Куугунтуктайт, жаман ойлор арылбай,
Ичи тарлык, чырлап, комоктой болот…
