АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Жылуулуктан сүйүнөм

Айды узатып, сүрүлгөнчө карааның,
Таңды тосом, күбүлгөнчө караңгың,
Чыгалбаган сансыз ойдон суурулуп,
Жүрөк эңсейт, жадыраган жамалың.

Күндү күтүп, нурун сүртсөм жүзүмө,
Кучак толгон, жылуулуктан сүйүнө,
Түгөнбөгөн тиричилик ташбиштен,
Кээде тажайм, түйшүктөрдөн түңүлө,

Кечки желдей, сергий түшөт көңүлүм,
Күүгүм күүлөйт, сезимдерге чөмүлүп,
Жалгыз түрткөн, кылдыраган арабам,
Жылып бараар, кусалыктан чөгүнүп…

Замана

Бузулду дейбиз замана, бурулган болсо, башкалар
Мансаптын түшүп артынан, кубулса элди башкараар
Сокур, мунжу көбөйүп, тирүүлөй балдар ташталаар
Тилемчи менен араккор көнүмүш адатка айланаар
Эби жок, эрлер азайып, эри жок элпек көбөйдү
Пейли ток элдер азгындап, эрки жок элдер көбөйдү
Жеңил акча көздөшкөн, куралдуу дүйнө төрөлдү
Ата-энелер кор болгон, убалсыз саны көбөйдү,
Мусулман парзын билбеген, курансыздар көбөйдү,
Өлүмдүн салтын билбеген, ураансыздар көбөйдү.

Бузулду дейбиз замана, булугуп турса санаалар
Чын пейил кетип адамдан, кууланып турса, сараңдар
Бузулду дейбиз замана, таш боорлук күчөп турганда
Жетим таштап балдарын, каңырык түтөп турганда
Бузулду дейбиз замана, кыздардан намыс тайыса
Сойку болуп сандалып, денесин сатып байыса
Бузулуптур заманам, кылмыштын күчү жаратып
Ыркыратып ыйманды, жазмышка салып сабатып
Ыдыратып эл-журтту жан багыш үчүн, таратып
Ысырапталган ырыскы, көйгөйдү кесет канатып

Издейм

Мен сүйгөндөй, сен да мени сүйбөдүң,
Сезим арнап, неге арзып жүрбөдүң,
Ишендирдиң, элжиреттиң, жүрөктү,
Күйүп турган, сүйүү шамын, үйлөдүң,

Ак сүйүүнү суруп чыктың, баткырбай,
Көңүлүмдү кордоп такыр, жактырбай,
Сени эңсеп, издеп келет күндөрүм,
Дайынысыз, кетип калдың таптырбай…

Илинбейм

Сыланып же, кымбат кийим кийинбейм,
Досторума, суктанып мен, илинбейм,
Мактанышса, башым ийкеп коштойм да,
Өзгөлөнүп, жылтыранып да билинбейм,

Ашса акчам, пайдалууга жумшаймын,
Балдарымды, калбаса дейм, сумсайып,
Ак көңүлдүү, шайыр жүрсөң сулуусуң,
Сүзүлгөндөн, кымбат болуп, кумсайып,

Көп эркектер, кийимине, карабайт,
Жарашбаса баалуулугун, баалабайт,
Таза сулуу, тыкан жүрсөң, тыпыйып,
Айланчыктап, кетбей сени, сагалайт…

Кайчылашкан жолдор

Биз курганбыз, сүйүүбүздү мунарадай,
Аздектедик, аны сөйөп, кулабагандай,
Бир күн урап, ал бийиктик жок болду,
Кайра курсак, андай болуп уланбагыдай,

Пай дубалын, бекем кылып салбапбыз,
Сынашбастан, калп эле биз, зарлапбыз,
Бир сөз үчүн, көчүп түштү сезимдер,
Аттиң деймин, мезгилди кур кармапбыз,

Жолдорубуз кайчылашты, эки-жакка,
Соккон жүрөк, жапа тартып, жеди зака,
Кечээги эле, эзилишип тура албаган,
Кездешсек да, түшбөйбуз го бака-шака..

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы