АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Намысыңды тепсебе

Эки тоонун чөбүн, бирдей эңсебе,
Турмуштагы таразадан, теңселбе,
Эбин таап, эптеп кетсең кубанбай,
Эркек деген намысыңды тепсебе,

Эки жанды, бирдей сүйүп жыргаба,
Сезимдерге, секириктеп, ыргалба,
Бүт нерсенин, убалдары алдында,
Бир жакадан, башың чыкбай, ыйлаба,

Жүрөгүңдү абайлагын, сайып албай,
Жаның сууруп, тең экиге айрып албай,
Өсөөр калбай, өлөөр келген мезгилде,
Жарты жүрөк, жалгыз жолдо дейдип калба…

Насип этээр

Кудай берет байлыкты, көтөрө алгыс,
Ашып-төгүп, чачылтып, бөксөрө алгыс,
Пейилинди жоготсоң, сиңире албай,
Кылып коёт, тамагыңдан өткөрө алгыс,

Кудай берет, бешенеге бакыт-таалай,
Бул өмүрдө, жашасын деп, такыр канбай,
Шүгүр айтбай, бакытыңды тепсесең,
Аста-секин узап кетээр, үзүм калбай,

Берекелүү, ырыскыңдан, насип этээр,
Бешенеге бейпил турмуш жазып кетээр,
Адилеттүү, ыйманы ток жашай билсең,
Бу дүйнөдөн, тарых жолуң, таза кетээр…

Ооматын берсин

Жакшылыктан үмүт үзбөй, жакырлыктын күнүн түрткүн,
Жашооң үчүн, көңүл түздөп, жаның жыргап, өмүр сүрсүн,
Калчылдаган кара жаның, камчыланып калбасын деп.
Картайганда, алек кылаар, жумуш камдап, билек түргүн.

Асыл таштар, акак эмес, касиеттик баасы, ар түрдүү,
Акылдуулук жаштан эмес, каниет кылган, бир сүрдүү,
Куру дооматка туш болбой, оомат келсин жашооңдо,
Пейилиңди кирдетбегин, абийириң кетет бир күндө.

Өзгөрүпсүң

Мен да бардым, сен катышкан кечеге,
Мурдагыдан өзгөрүпсүң, бир нечеге,
Кирсең-чыксаң, тыбырчылап, өзүнчө,
Кыжыл болуп жаткансыдың, бир нерсеге,

Тансык болуп калыпсың, көп эл таанып,
Келгендерден, сүрдөп турдуң, апкаарып,
Адашбаган, көздөр мага, жалт илинип,
Көрбөпмүн деп, басып келдиң актанып,

Сүйлөшсөң да, сактангансың элеңдеп,
Баш ийкейсиң, укбай сөздү керендеп,
Сырттан кирген, келинди, сен көргөндө
Келбесең да туруп кеттиң, келем деп…

Өмүр дайра

Өмүр дайра, агып бараар канганча,
Толкуп ашып, тамчы суусу, калганча,
Пенде үчүн жарыктыгын жай албай,
Көздөгү нур, жылуулуктан, тайганча,

Өмүр дайра, агып жылаар, шарактап,
Мезгилдерди, артты көздөй, барактап,
Кайрат качып, бул жашоого багынсаң,
Урпактарга, насаат калсын, сабактап,

Өмүр дайра, жанылбай, куят,өкүмгө,
Сүзгүн жыргап, токтоп калса өкүнбө,
Тирүүлүктүн баркын баалай, албасаң,
Өткүн өмүр, кайра кайтбайт, өтүнбө…

Пайдалуу жакка сарптагын

Ыркы кетсе бүлөңдүн, ынтымак жакка күүлөгүн,
Үзүп албай жибиңди, ынтызаар болуп түйбөгүн,
Эркек кетсе үйүңдөн, качканы болот, жүгүндөн,
Эркек кетсе сүйүүңөн, өзүндүн көргүн жүрүүңөн,

Тапса эркек мактабай, пайдалуу жакка чаптагын,
Мээнетин тээп таптабай, мал-мүлк алып сарптагын,
Кем болсо жашоо башкадан, жалкоолук жана уйкудан,
Кең болсо, сенин жан дүйнөң, жароокерлүү журтунан…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы