АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Карегиме кадалып

Аяр жаңсап каректерге, кадалып,
Суурула албай, сезимиңе камалып,
Мурда неге көрбөдүм деп, кейидиң,
Жактырганың, айтып мага, тан алып,

Шылтоо издеп, болуп турдуң, ыңгайсыз,
Жаңылбастан, сөзүн түздөп, ылгайсың,
Сүйлөсөм мен, көзүң албай жалдырап,
Укбасаң да, кызыккансып, тындайсың…

Катып жүрөм

Жүрөгүмдүн ооруусуна, убакыт даары,
Тагдыр сунду тарткылыктын, арман зарын,
Турмуш калыс, туура жолун туш кылса,
Кудай сени унутбастыр, жазалаарын,

Жетим таштап, балдарыңдан кутулдуң,
Махабаттык, ырахаттарга умтулдуң,
Жыргап өтсөм, деген ойлор куурулуп,
Баласыздар дүйнөсүндө, чумкунгуң,

Азыркы жашооң сага кызык, мага жок,
Бала бакбай, ойго чөкбөй, санааң ток,
Бул күндөргө, мезгил болоор тараза,
Сендей ташбоор, айбан эмес караан жок…

Ачуу чындык жүрөгүмдө катып жүргөн
Катуу сындым, күдөөрүмдү кантип үзөм,
Коркбодуң сен, балдарыңдын, убалынан,
Жүрөк ыйлап, мен өзүмчө кейип жүрөм,

Уйку көрбөйм, таңдар атат, билинбеген,
Жек көрүүмдүн, жаралары, ириңдеген,
Перзентиңдин бактысына, кусуп кеткен,
Кандай жансың, баары көзгө илинбеген,

Зээним кейип, кайгы басып турат жаным,
Ичим күйүп, кызганычтан кайнайт каным,
Үй бүлөбүз, бутка туруп калган кезде,
Алмаштырып ырыскысын тепсеп салдың…

Кезигишбейт

Жашоодогу жолдорубуз, кесилишбей,
Сүйүүбүз да түбөлүктөп, кезигишбейт,
Арман дүйнөм, азап берип жүрөккө,
Арзуу кылып, сезимдер да эзилишбейт,

Тагдыр сени таалайыма, жазбаптыр,
Күйүт салган күнүн бизге, жаздаптыр,
Сүйүп калып, жипсиз сага байландым,
Сезим багым, мөмө албаган, саздакбы,

Неге сүйүп, неге сени көрдүм экен,
Максаттарым башка эле, көңүл эзген,
Кеталбасмын, махабаттан суурулуп,
Азап чегем, бул сүйүүдөн ону безген…

Кейип турам

Кейибеймин заманамдын, насип эткен күндөрүнө,
Кейибеймин, жашоо үчүн, түйшүк тартып жүргөнүмө.
Тагдырымдын тартуу кылган, таалайына жөлөнүп,
Ыраазы болом бир Аллама, тизем бүгүп жүгүнүүгө,

Кейип турам, кыргызымдын чубурулган кербенине,
Жанын сактап, бала багып, мекен сыртка кеткенине,
Эли-жеринен, оолак жашап, педеликте, катнашбай,
Камкору жок, бийлигинен, колун шилтеп кечкенине…

Кек сактабайм

Кайгырсам да жукарам, жыртылбаймын,
Каарысам да кубанам, кырчындаймын,
Заар сүйлөп, эч кимдин көөнүн, бузбайм,
Сөз жебесмин, мен дагы чымчылбаймын,

Таарынсам да, жазылам, кек сактабайм,
Сагынсам да, жалынып, шек таштабайм,
Ойдо сүйлөп, бирөөнү, басынтбаймын,
Багынсам да, жазылып, эч таштабайм,

Күтө берем, күтүүдөн тук чарчабайм,
Сүйүп калсам, багытын эч калчабайм,
Кызганчаак, жаңылууну кечирбейм,
Туруктуумун, сезимиңди таптабайм…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы