АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Жазда ачаар

Көңүл бошоп, каңырыгым түтөп турат
Көөдөн качып, азгырыгым күчөп барат
Өзгөрүпсүң, не себебин таба албайм,
Көксөөм муздап, көкүрөктө үшүп турат

Теңсинбейсиң, көктү тиктеп, тоготбой,
Кескин сүйлөп, качкансыйсың, жолотбой
Ашыктыктын кезек алган, жоругунан
Жүрөгүмдүн, дартын жарба, боздотбой

Сүйүүм издейт, самаап сансыз, күндөрүн,
Турмуш сунаар, түркүн, кызык түрлөрүн,
Сезимдерде бактар, шактайт, бүчүрсүз,
Балким, сүйүүм, ачаар жазда, бүрлөрүн…

Жалгандай…

Асман кардан, элек менен ээлептир,
Сапырылтып, тегиз чачып мээлептир,
Жалбыраксыз дарак шагын, ийилтип,
Кышты ызгаар, суук менен тейлептир,

Сыртта баары мерез болуп, тоңгондой,
Табийгат да, түрдүү түстөн, тойгондой,
Асман жерлер, бирдей түскө боёлуп,
Курчап алган, кусалыкты жойгондой,

Жүрөк соолуйт, муз астында калгандай,
Келбес сүйүүң, өчүн алып, тангандай,
Ким деп жашап, кимдер үчүн умтулам,
Кыялымда бар, үмүт күчтөр жалгандай…

Жамалбайбыз

Сени эми эч кыя албасмын, билип койгун,
Жүрөгүмөн тыя албаймын, тилип койдуң,
Бул жашоомдо, кездешкен белегимсиң,
Сезимимен чие албаймын, тигип койдум,

Издеп жүргөн адамымды, тапкандаймын,
Ойлор чулгап, тушалткан, капкандамын,
Тагдыр мага, сунган сүйүүм сен белең,
Өчүп кайра, бүлбүлдөп жангандаймын,

Бул өмүрдө, кайрадан биз жаралбайбыз,
Махабаттын кумарын түк, жагалбайбыз,
Кайыл болуп жашап өткүн, сезимдерге,
Ажырашсак мурункудай, жамалбайбыз…

Жаңылбаган адам болбос

Жаңылбаган адам өтбөс дүйнөдөн,
Бакыт шамын, солду көздөй, үйлөгөн,
Аң-сезимсиз, жүрөгүндө, оту жок,
Жан болбостур, сүйүү отко, күйбөгөн,

Адашбаган инсан, кетбейт ааламдан,
Ошондуктан пенде болуп жаралган,
Алты саны аман турган жаштыкта,
Жан эместир, сүрөт болуп кадалган,

Көңүлгө кош, сүрдүү болбой турмушуң,
Жүрөк жибип, кулпуң үзөр, тырмышып,
Жашоодогу кызыктардын, бир элеси,
Суруп өтөөр, өмүр менен жылмышып…

Жашоо кайрыктары

Жашоо жыргал, бир келгенде, тырышба,
Түйшүк бүтбөйт, кууп жетип, тырмышба,
Өз жаның деп, куунак жашоо, түзбөсөң,
Мезгил күтбөйт, өз маалында, карышта,

Колдун кири, акча, буюм, байлыктар,
Көңүл, сезим, ошол жашоо кайрыктар,
Сүйүү чертип келген болсо, жүрөктү,
Арзып алгын, кусалыктан кайгыртбай,

Алтын, кийим, адамзат үчүн.жасалма,
Түрүн кийсең, мактанып сен жашарба,
Көңүл каалап, нурлар түшсө бирөөгө,
Ансыз деле болоорсуң, сен жасалга…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы