АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Сезилбейт

Биз аялдар, жаралгандай темирден,
Моюнубузга жүктөн алдык, жеңилбей,
Эртели-кеч тытынабыз түйшүк деп,
Кээде аялдык, назиктик да, сезилбей,

Эркектердин шымын, эчак алганбыз,
Калышбастан, кабат үйлөр салганбыз,
Темир добот, уста-балка, бизге өтүп,
Жолун тороп, бутун чырмап, чалганбыз,

Турмуш карап, ышкырат чабыштырып,
Аял эркек дебей, катар жарыштырып,
Тирүүлүктүн өлбөс күнүн көргүн деп,
Эби барын, эби жокко жабыштырып…

Сүйүү азгырыгы

Кимди гана, бул сүйүүлөр азгырбаган.
Баш ийдирип, багынтышып, алсыздаган,
Сүйүү деген, баарын тегиз кайыл кылып
Баш айланта, дем-күч алып, жансыздаган,

Кимдер гана, жашыруун катып сүйбөгөн,
Жаңылыштык, жаркын жолдо жүрбөгөн,
Жалындаган, жанып турган, шок кезинде
Кимден гана, тушалткан, жип узүлбөгөн.

Ким каалабайт, сезимдердин ойнооктугун
Көңүлдөрдүн, сергип баскан, бойдоктугун
Бир кудуктан суу, бир акырдан жем жебей
Жүрөктөрдүн табит тарткан соргооктугун

Сүйүү сыйкыр

Сүйүү кызык туюп, сезип билгенге.
Алпурушуп жүрөк түбүн, тилгенге,
Ысыгына куйкалансаң, ээрийсиң,
Баткагына булганып, сен кирленбе,

Сүйүү сыйкыр, көз боёчу, жомоктой,
Сүйгөн сулуу, башканы көз тоготбой,
Мүдүрүлүп, муздуусуна, тайбасаң,
Күчтүүлүгү, бекем турат болоттой,

Сүйүү өткүр, курчутулган миздери,
Так калтырат, тилип өткөн, издери,
Эрктүүлүгү, майтарылгыс азоодой,
Жетбей калсаң, өчбөйт сезим тизмеги…

Сүйүү эмес

Сүйүү эмес, сезимдерде жылуулукбу,
Көңүлүңдүн көркүн ачаар, кызуулукбу,
Жаңылдымбы, жалган жолдон адашып,
Убакыт байлап, оюн куруп сугундукбу,

Сүйүүм артта, супсак колун булгалайт,
Жүрөк согот, арзуу айтбай, кур жалак,
Бошоп турган, боюм тартып, оорлук,
Тагдыр мени, жүдөтүптүр, уйпалап,

Кубулдум бир бозоргон, топурактай,
Коюлуп, жүрөк каным, көркүм ачбай,
Кошулбаган, агымы жок, тунук мөлтүр,
Сүйүү турат, жанашышкан кош булактай…

Сүйүүгө укугум бар

Сезимиңди жибитип, артып алдым,
Жүрөгүмдүн, тереңине катып алдым,
Уурдап алган, ак сүйүүңдү, улаштырып,
Түбөлүктүү белегинен, тартып алдым,

Махабаттын илебинен, татып алдым,
Даамын туюп, ширесине, батып кандым,
Сүйүүң тура, табышмактуу зор касиет,
Тумар кылып, жүрөгүмө тагып алдым,

Сүйүү кызык, ушундай укмуш жомок,
Биз сыяктуу, бу дүйнөгө келген конок,
Укугум бар, бул жашоодо, ак сүйүүгө,
Өчсө өмүр, жүрөк менен, кошо тоңот…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы