АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Асырагын

Жүрөгүмдү, соолутбастан, асырагын,
Көз көрүнөө башкаларга асылбагын,
Уксам деле, билмексен болуп жүрөм,
Жүргөнүңдү сүйүп менден, жашырагын,

Көңүл назик, аны аздектеп, кашылагын,
Кейитбестен, сен өзүңдөн качырбагын
Мени ойлобой, балдарыңды элестетип,
Жыйынтыгын, чыгарууда шашылбагын,

Май баскан көздөр менен ашынбагын,
Үйгө толгон, ырыскыдан, ташынбагын,
Кудай колдоп, балдарым бир дүркүрөсө,
Титиретип, колун сунуп, жашыбагын…

АТАМА

Мен атамдан, бала кезден ажырап,
Ооруп калгам, кусалыктан кансырап
Тогуз жаштын, тогуп берген азабын,
Апам чекти, калкалап, багып асырап.

Эселек кез, эркелигим дале, эсимде,
Шынгыр кулуп, оюнга шок, кезимден,
Кирсем, онтоп ойлуу, тиктеп караган.
Ошол күнү, көз жумгансын бешимде,

Кийин билдим, кара дартты, оорууңду,
Из калтырган, баскан тарых жолуңду,
Сен иштеген мектеп, баалап эмгегин,
Атыңды атап, билдирген жок жогуңду…

Байланам

Турмушумду, башка нукка өзгөртөмүн,
Душман көзгө, ийгилигим көрсөтөмүн,
Күч билекте, акыл башта, турганда,
Кара санап, жүргөндөрдү, бөксөртөмүн,

Балдарыма, башым танып көмөктөймүн,
Акыл-насаат, кеп-кенештеп, жөлөктөймүн,
Бактар гүлдөп, мөмө түйүп жетилсе,
Небереге мээрим төгүп, өбөктөймүн,

Бир чалыма, бүт өмүрдү, арнаймын,
Даам сызса, таттуу, ширин балдаймын,
Жашоо үчүн, баарын жасап тырмышып,
Бир өзүң деп, бакытымды байлаймын…

Барктап жаша

Көзүн карап достошбой, көңүлүн алганга дос бол,
Колун карап катнашбай, сооп иш жасаганды кошто,
Өлүмдүн салтын билбесең да, шартын жасагын,
Өмүрдүн саатын билбесең да, барктап жашагың,
Өйдөлөп баратканда, төмөн жакты унутбагын,
Бөтөн болуп баратсаң да, өзөгүңдү курутбагын,
Өчөшүп касташканча, өжөрлүк менен достош,
Көгөрүп кек сактаганча, чөгөрүп бир кагыпкой.
Ырыскыңды чачбастан, ыйыктыкты сактагын,
Ынсап кылып шашбастан, ыйманыңды сатбагын…

Берекеси колунда

Турмуш жүктөйт, жоон жүгүн жоонуна,
Арткан бойдон, сүйрөйт, таштак жолуна,
Эрктүү, түптүү, билек күчкө, толгон соң,
Сүзсө дагы, тооруса да, ырыскысы, колунда

Турмуш катаал, оор жүгүн аркалайт,
Кыйналсаң да, кубат берип калкалайт,
Туруксуздук, ыймансыздар, очогун,
Ышталса да, жалындатбай, талкалайт,

Турмуш кызык, жоруктары жомоктой,
Муштум кезсе, кордуктары, тозоктой,
Ысык, суук, муздактарга, тоңбостон,
Жашап өткүн, өз ордуңду жоготбой…

Билегиңе таянба

Коркоктонуп, көп нерседен кур калба,
Кооптонуп, кордолгончо чыр салба,
Көзүң жеткен, ийгиликке умтулуп,
Көралбастар, тоскон торго чырмалба,

Акыл чагып, билгениңден аянба,
Күчкө салып, билегиңе таянба,
Турмуш тепкич, өйдөлөтүп көтөрсө,
Адилеттүү кадам, шилтеп аярла,

Ойлоп сүйлө, токтоолукка, салмактан,
Абайлагын чыр ушактуу, чакмактан,
Куттуу үйдүн, күнү кетип калбасын,
Зирек болгун, багын бузар сатмактан…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы