АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Супсак сүйүү

Эки өйүздө биз, турабыз көпүрөөсүз,
Көз жетбеген, умтулуудан көбүрөбүз,
Көчкөн сайын, жарларыбыз, ыраактап,
Супсак сүйүү арнап, гана көзүгөбүз,

Ортобузду туман каптайт, бозоргон,
Чымчык учат, жемин таппай өзөргөн,
Кошулбаган эки кырлуу, аралыктар,
Толуму жок барган сайын бөксөргөн..

Тагдыр мага жылмаяр

Кечиксе да, тандар атаар, агарып,
Туулушат, окшош күндөр жаралып,
Чалкалашып, тоолор тосуп, күн нурун,
Кычыгынан, нур чачырайт, жаланып,

Кечиксе да күн жаркырап, акмалайт,
Алсыз нурлар, жүзүн сылап аймалайт,
Бүт ааламга, жарык болуп, төгүлүп,
Жердин бетин, көз уялтып саймалайт,

Кечиксе да, тагдыр мага жылмаяр,
Кытыгылап сезим күчүн, жылмалар,
Жан дүйнөмө, сүйүү таңды, орнотуп,
Көңүлүмдө, куунак калкып, ыргалаар…

Такшалтыптыр жашоого

Бул жашоодо апам колдон, жетелеп,
Такшалтыптыр, жашаганга жекелеп,
Эркелетбей, эркектерче өстүрүп,
Бышырыптыр калбасын деп, жеме жеп,

Эскергенде буулугамын, жутуна албай,
Сансыз ойдон, өкүнүчтөн кутула албай,
Көңүл чөгүп, дүйнө болоор, кызыксыз,
Көпкө жүрөм, көңүл ачып, кубула албай,

Арманым бар, кейибеймин, тынч жатсын,
Жүрөгүмдө, тирүү, бирок элес жаркын,
Апама кудай канча жашты, ыраа көрсө,
Мага деле ыйгарса дейм, ошол жаштан…

Таң каламын

Таң каламын, адамдардын тарлыгына,
Жакырланган жан дүйнөнүн жарлыгына,
Таш боорлуктун, тамырлары жайылып,
Уул-кыздык, ыйман-сыйлар, аздыгына,

Түшүнбөймүн, аялдардын, шарлыгына,
Эркектерди, бийлеп алган, хандыгына,
Заманамдын күнү куурап, какшалган,
Карылардын, кадыр-баркка зарлыгына,

Таң калбаймын, байлык кууган, пендеме,
Тан аламын, тобоо айткан, келмеме,
Оозго алган, ар бир сөздүн шерти бар,
Аз болсо да, шүгүр айткын, кем дебей…

Таң калбайбыз

Мунжу болсоң, деле тирүү жашасаң,
Деп тиленчүм, балдар жетим аташса,
Кыялымда колуң кармап, бастырып,
Алып чыксам баары, тиктеп карашса,

Таяк кармап араң бассаң, өкүнбөй,
Тамак тартбай, демсиз жатсаң өтүнбөй,
Калаар белек, даяр болуп өлүмгө,
А сен кеттиң, суутуп бизди өчүрбөй,

Таң калбайбыз атасы бар, жетимдерге.
Балам дебей, ажырашкан чечимдерге,
Жалкып калган, жүрөгүңдү жанчытбай.
Эсине салса, балдардагы, сезимдерден..

Тилейли

Акыр заман болот дешет, ызылдашып,
Шам чырагын камдап алып тызылдашып,
Оокат нандан, дары, суусун, даярданган,
Элдер сүйлөп, талкууга алат кызуулашып,

Оозубуздан жаңылбайлы, кесир айтып,
Жараткандын жарык күнүн, кечип айтып,
Тобоо кылгын, жамандыкка жорубастан,
Кудайдан өйдө сүйлөбөйлү, кескин айтып…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы