«Сүйүү баяны» новелласы
Айнура Досмамат кызы,
Өрүкзар айылы
— Ээй кыздар, тургула кеттик, эки күндөн бери кеч барабыз, эмне бүгүн жатып алалыбы заказ деп, анда жездеңер тетири карап жатып албайбы, жыйыштыр ары десе шорумду шорподой кайнатып, кокуй үйгө –
адаттагыдай шартылдаган Асия эженин сөзүнө кыз-келиндер күлүп калдык.
— Ии, сиздики эле күтүп, башкалардыкы оозун ачып олтурат дейсизби, мына эки жигит эки сааттан бери сырта күтүп олтурушат,- үшүктө турган Жайнак сырдуу жылмайып.
— Оо-иии кимиңерге келди алар айткыла деймин Назгүл, Айжан, Сабира, Чынара-Асия эженин сөздөрүнө күлгөнгө сыртка жөнөдүк. – Ой, жигиттер иши кылып менин кыздарыма келбедиңерби, анда көрүндүктү унутпагыла?
Бактын түбүндөгү олтургучта олтурушкан эки жигит, Асия эженин сөзүнө, кыз-келиндердин күлкүсүнө аралаш ордуларынан козголушту. – Назгүлдүн көрүндүгү эмне менен бааланат экен? – жигиттердин бирөө жылмайып. Бирөөсү мен сыртынан тааныган Тариэл деген болчу. Кыз-келиндердин күлкүсүнөн алыстап үйгө шаштым. – Эмне бүгүн да кечке калдыңарбы, же тигил жигит менен жүрүп калдыңбы?- үйдүн босогосун аттаарым менен курбу кыздарым Жаңыл менен Зыйнаттын сырдуу жылмайгандарын көрдүм. – Бүгүн жанагы красавчик сени сурап барганынан ишканаңдын адресин бергем. – Көрдүм, бирок унчукпады.
— Колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу, Чынара кечеки Тариэл дегенди колдон чыгарба, бүгүн да келем дедиби, жөн эле жылдызы жанат ко анын, азамат десе…Түшкү тамакта кыз-келиндер кечөөкү эки жигитти айтып ой жорушат.
Чынара ишканабыздын эң сулуусу боло турган. Жашы он тогузду. Көлдүн ак кууларынан. Эркектер арзуу кылган чүрөктүн өзү. Аны деп издеп келгендердин аягы суучу эмес. Аялдардын кептери ушундан улам. Бирок ал жигит мени неге сурады түшүнүксүз?…
Бүгүн дем алыш. Кинотеатрдын айланасы элге толо. Фильмдеги кыз менен жигиттин сүйүүсү, айрыкча кыздын бүт жан дүйнөсүн ага арнаганы, бирок жигиттин кокусунан башка бир кызга ашык болуп, биринчи кызы менен мамилени үзүп койгону, канчалык аянычтуу болду. Кыз жалынды, ыйлады бирок жигит кайрылбады.
Кирпиктерим сууланып, аккан жашты араң токтоттум, айланадагылардан уялып коём. – Чоң кыз, ал кино ыйлабагыла.
— Рахмат, түшүндүм-жанымдан чыккан эркектин добушуна карабай туруп жооп узаттым. Андан ары каарман күйүтүн ичип-чегип, окуусун таштагандан баштады. Көптөгөн турмуштук сыноолордон кийин гана өзүнө келип, өзүн дарылаган догдуруна жаш, таланттуу, сүйкүмдүү байдын уулуна турмушка чыкты.
Чырак жанганда жанымдагы жигитти көрүп таң калдым. Баягы жигит, Чынара кайда?-ойлоп калдым. Курбуларымдан бөлүнүп, мурдараак таза абага чыгайын деп баса бергем. Бир убакта Жаңыл менен Зыйнат колдорунда балмуздак, баякы жигит менен мен олтурган скамейканын алдында токтоп калышты.
– Гүлжаз, эгер каршы болбосоң Зыйнат экөөбүздүн ишибиз чыгып калды, сени Тариэл жеткизип коёт. – Жаңыл сөзүн түгөтүп-түгөтпөй Зыйнатты алып баса берди. Жаныма аста келип олтурган Тариэлге курбуларымдын кетип калганына түшүнө бербей турдум. Жигиттин сунушуна макул болуп тамактанып, сейилдеп, сүрөткө түштүк. Анын жанында баратып, жараткан ага өң-түстөн эч нерсени аябай бергенине таң калдым. Кийим башы тың, сөздөрү жайында. Тариэл экөөбүз туулган күндө таанышканбыз. Жакшы сөзгө да келген эмеспиз. Мен кетүүгө шашып тургам. Ошол күндөн мени Жаңылдан сурап турчу экен. Дордойдо эки жерде соода жайы барын, үйлөнө электигин да Жаңылдан уккам. Адресимди сурап барып унчукпаганы, минтип жанымда турганы ойго салат. Жашыбыз да тең экен. Үйгө чейин узатып келген ал экөөбүз жылуу коштоштук.
— Сүйүү күнүңөр кандай өттү эки жаш, сүйүү сапарына чыктыңарбы…же…курбуларымдын күлкүсүнө, тамашасына жылмайып, Тариэлдин суранычы менен уюштурушкандыгын айтып ого бетер таң калтырышты.
Ошондон эртеси иш күнүбүз аяктап кыз-келиндер менен чогуу сыртка чыгып калдык. – Ой-иий күйөө балдар келген турбайбы, Чынаранын көрүндүгү кымбат, азайтамын деп ойлобогун—Асия эженин тамашасы, кыз-келиндердин күлкүсү Тариэлге тиешелүү экенин байкадым. Ал күтүп турган экен. – Өтө кымбат болсо да Гүлжаз айымдын көрүндүгүн айтыңыз эжекелер, мен макулмун, – ал татынакай жылмайуу колундагы гүлү менен мага басып келип жүзүмдөн сүйүп, гүлүн колума карматты. Чынараны өздөрүнчө Тариэлге ыйгарып жүрүшкөн кыз-келиндерге, сустая түшкөн Чынарага уурусу кармалган адамдай болуп, не дээримди билбей турдум.