АДАБИЯТ

«Сүйүү баяны»

х х х
«Эмки турмушумда ката кетирүүдөн өтө корконум. Тариэл, сен да ушуну түшүнгөнүңдө эле. Туугандарыңды нааразы кылып, курган турмушубуз кандай болсун. Бир күнү сен да ошолордун сөзүн сүйлөп калсаңчы?». Жүрөгүмдү өйүгөн ойлордон кутулалбай кыжалатмын.
Бир жерим ооругансып жүргөм. Акыркы күндөрдө оору көбөйүп, түнү менен уктабай чыккан күндөр болуп, жумушумдан аксап аттым. Бир күнү Чолпон концертке чакырып калды. Куудулдар чыкканда жыргадык бейм.
Көп күлгөндөн көзүмдөн чыккан жашты байкатпай аарчып коём. Жамгыр концерттин бүтүшүн чакалап күтүп турган го! Кыйла турсак да басылаар түрү жок. Элдин баары кетип, кээ бирөөлөр эле калгандайбыз. Чолпондун каршылыгына карабай, аялдамага жеткенче өтмө катар суу болдук.
«Какаганга, муштаган» болуп бир да машина токтобойт же жамгыр басылбайт. Күздүн суугу жүрүп калгандыктан буздап бараттым.
– Гүлжаз, жолуң алыс биздикине жүр, ооруп каласың, эртең де малыш го, өзүм жеткирип коём-кучагына бекем кысып тургандыктан, дирилдеп турганыма ачынып сүйлөдү.
– Кандай…болот экен?..
– Эч нерсе болбойт, байкем, жеңем, кичине эки баласы менен чогуу турабыз, үй меники, алар убактынча үйлөрү бүтсө кетишет.
– Оо-ий, деги не болду силерге? Эмне кебете эшикти ачкан жеңесинин жүрөгү түшүп көрүнүшүбүзгө.
– Жеңе, батыраак, Гүлжаздын кийимине карашып жибериң?
– Ооба, жүрөгой, жүрөгой!
Ичиме кирген ысык чайдан жандангандай болдум. Чай үстүндө Сагын байкеси, Уулкан жеңеси менен тааныштык. Байкеси, атасынын кичүү иниси экен.
– Гүлжаз, жакшы эс ал! Бир нерсе керек болсо, жанаша бөлмөдө болом, тартынбай ойгото бер!
– Жайгаштырып бараткан Чолпон.
Түндө бирөө ойготкондой көзүм ачылды. Жөн эле сыздатып баякы жерим ооруп атат. Денемди бирөө чымчыгандай, толгоо тартып аткандай чыдатпай баратат. Эмне кылсам ой кудай бул эмнеси? Бир саат болсо да оорунун токтой турган түрү жок. Бир убакта, кускум келип ваннага араң жетип, капыстан бутум бир нерсеге тийип калдырап…Кускандан кийин алсызданып, оору ансайын күчөп турду.
Оо кудай, басканга да болбой баратам эптеп бөлмөгө жетсем…эшикти ачканымда…
– Ой кудай эмне болду Гүлжаз?..- өң-алектен кеткенимди көргөн Чолпондун чый-пыйы чыгып, төшөгүмө жаткырганча, скорый чакырышын айтып…
– Жөн коюңуз, өтүп кетет, каршы болдум.
– Жаным мурда эле айтпайт белең? Ваннага кирип чыкпай койгонуңдан кыжалат болуп турган элем.
– Суу ысытып бересизби? Бутумду ванна кылсам.
Бир убакта абалымды көргөн жеңесинин да чый-пыйы чыгып, түнкү үчтөн өткөндө, кошуна догдурун чакырып укол жасатты. Ошондо да бир сааттай кыйналып турдум.
– Айланайындар мына силерге концерт!
– Жеңесинин сөзүнө аргасыз күлдүк.
Уйку соонун арасында төшөгүмдү оңдоп, акырын бетимден өөп койгонун сездим Чолпондун.
Саат он бир. Көзүм ачылаары менен маңдайда илинүү саатка түштү. Түндөгү окуядан кыжалат болуп, чак түшкө чейин уктаганыма уялып, акырын ваннага кирип жуунуп, эми кийимдерим кайда?… Тык..тык…тык…
– Кириңиз! – үн каттым.
– Жаным, жакшы эс алдыңбы? Мына жамгырдан кийинки биздин концерт!
– Жылмаюу менен колундагы үтүк басылган кийимдеримди олтургучка коюп жатып.
– Мен баарыңыздарды кыжалат кылып, уйку бербей…
– О-ий кемпирлерден бетер эмне дейт…
Оорубаган жан бар экенби, мен да бүгүн кызыктай болуп турам… байкемдер үйлөрүнө оңдоп-түзөгөнү кетишкен. Жеңем «бүгүн калсын, жакшылап таанышалы» дейт…
Тамакты түзүктөп жебегениме ансайын Чолпон кыжалат. Көп сүрөттөрдүн ичинен аялы экөөнүн үй-бүлөсү менен чогуу түшкөн сүрөтү жүрөт. Татынакай кыз экен.
– Неге ажырашкансыз? – көптөн бери ойлоп жүргөндөрүм оңдой берди болуп.
– Мейли билгиң келсе айтайын, Токтокан ата-энесинин зарыгып жүрүп көргөн перзенти. Ага чейин балдары чарчап кала берип, ушунусун Токтокан деп жүрүшүп жашап калат, анан инилүү болот. Перзенттен күйгөн ата-энеси, экөөнү жаман карабай чоңойтушат.
Атамдын досу болгондуктан, аяш атабыз менен аялынын кызмат орду жаман эмес эле. Ал сулуу кыз болуп чоңойду. Экөөбүз бир окуу жайда окуп калдык. Сабакка эмес жаңы көйнөктөрүн көрсөткөнү келчү. Анда да келгиси келсе. Айдаган машинасы өзүнөн сулуу.

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы