АДАБИЯТ

«Сүйүү баяны»

— Акырын басчы, бай болгур, жоо куугансып-энтигип сүйлөгөн Жаңылга, бетимди жууп жаткан жашка карабай бүт жан дүйнөм менен аялдамага учуп бараттым.
Өзүмдү өзүм жек көрүп турмуштан жолум болбогонуна тагдырдын мага берген сүйүүсүнө, алсыздыгыма баарына, баарына ызаланып буулуп турдум аялдамада. Көрсө баарын байлык чечет турбайбы? Кайдагы сүйүү, бала болуп мен да, эмнелерге ишенип жүрөм, же башкасы жок калыптырбы-түпкүрдөн чыккан сансыз суроолор ансайын ызалантат. Аптанын биринчи күнү да аяктады. Эки күндөн бери токмок жегендей кыйналган жаным, кенен аба жутуп, кайдадыр баскым келди. Ойлонбой туруп биринчи эле келген маршруткага чыгып Ала-Тоо аянтына баса бердим. Көпкө жүрүп, сүрөткө түшүп, айлана-тегерегимди баамдап, табышмактуу жашоонун сырларын түшүнүүгө аракет кылам. Тойдогу окуяны Тариэл билбестен (сыр тутканмын) «мага жолукпай кеттиң»-деп жүрдү. Эжесине жолугуудан мурда чоочуп жүрсөм, эми антпей калдым.
Жумуштан чыгып Тариэл менен баратып, эжесинин жолдон арыраак жерде, мени жеп койчудай карап турганын байкадым. Муздак нерсе денемди ороп кеткендей калтырак басты. Эртеси ошол жерден эжеси бет маңдай келип баякы тилин ачытып —Ээй уятсыз сага…
— Уят, сизде жок, менде эмес-оозунан жулуп алган сөздөрүм үчүн жаагыма тарс дедире тийген…бетим ысып, өлбөгөн төрт шыйрагым калды.
— Тариэлге кайсы байлыгыңды бересиң айт, барбы, жок болсо тынч кой аны, байдын кызына үйлөнсүн. Эмкисинде мындан да жаман болосуң, көзүңдү ач …-ажылдап сүйлөгөн анын сөздөрүнө бир чети элден уялып, ызага буулуп дүйнө көзүмө астын-үстүн болуп бараттым. Муну угушкан Жаңыл менен Зыйнат Тариэл үч күнгө Казакстанга кетпегенде азыр таап келип, жазасын колуна бермекпиз – деп ачууланышат. Беш манжанын изи бетиме так болуп түшүп калгандыктан, кесиптештерим «не болду» десе айта албай азаптанам. Казакстандан келген Тариэл ишкананын телефонуна «кетпей турсун, өзүм барам»-деп айттырыптыр. Жумуш күнүм аяктап аны күтүп олтурганыма жарым сааттан өтсө да ал жок. Жайнакка тиешелүү кросвордду толтуруп олтурам. Сырттан кирген Айчүрөк эженин Тариэл бир сааттан бери сыртта Чынара менен сүйлөшүп олтурганы сен неге турасың деген сөзүнө ишенип-ишенбедим. Чынара экөөбүз жумушту бирге түгөтүп, ал кеткен болчу. Тартынбай-нетпей эле ишканага кирип, мени алып кетчү Тариэлге бүгүн не болду? Өзүм да түшүмбөй турдум.
Ооба, алар сырта туруптур, сөздөрү бүтчүдөй эмес. Ансыз да не кыларым билбей жүргөн жаным, башка жактан чыгып кеттим. Ишканадагылар аларды көрдү, эми не деп ойлошот, ансыз да бетим көгөрүп жүрсө мунусу эмнеси?
Артымдан жете келген Жайнак, кыйналып турганымды сезди белем, болбой жатып тамактанууга көндүрдү. Жегим келбесе да Жайнактын көзүнө көзүмдү ала качып, тамакты оозума тыга баштадым. Баарибир кыраакы жан баарын сезип турду. – Бир аз ичесиби жеңилдейсиң?-бул сунушуна да макул болдум. Абалым бир аз жакшырып, өзүмдү эркин кармап, буттарым бир аз алсызданат.
Жайнактын азил-тамашасы менен болуп, күүгүм аралаш үйдүн жанында турган караанды элес албай коштоштук.
— Гүлжаз…сен эмне кечигип, бөтөн бирөөлөр менен мен быякта күтүп…—Бирөөнүн башындагы чөптү жакшы көрөт экенсиң, өзүңдөн көрө…-ызаланып турсам да жылмайып сүйлөдүм. — Эмне үч күндөн бери ушинтип жыргап жүрөсүңбү, мени сагынбай?-кучагына бекем кыскан анын сөздөрүнө ансайын бууламын.
–Тариэл, өтө чарчадым, эс аламын, сөзүң болсо эртең айт, эгер колуңдан келсе биротоло тынч кой, баарыбызга жакшы болот. – Гүлжаз…эмне ошончолук эле тажадыңбы менден баарыбызга жакшы болот деп эмнени айтып атасың?
— Ошол…баарын-башка сүйлөшкүм келбей аны сырта калтырып эшикти ачканга шаштым. Эптеп кийим которуп, төшөктү чүмкөндүм. Курбуларымдын Тариэл чакырат дегенине тетири карап ооз ачпай жата бердим. –Анда, үйгө өзү кирет экен, -Зыйнаттын сөзүнө чок баскандай атып турдум. – Эмне бетимдеги такты тамаша кылганы үйгө, силер эмне душмансыңарбы?-башымды төшөккө чумкуп көпкө соолуктадым.
— Болдучу, жан курбум, эзиле бербечи, ал кетти, силерге не болду? Кыздардын суроолоруна жооп бербей жата бердим.
— Бетимдеги такты Тариэл байкай элек, байкаса да айта элекмин-көптө барып унчуктум. Күтсүн дедиртип, ичкертте мен аны күтүп, өзү сырта Чынара менен олтурат, эмне деп ойлошту көргөндөр, айтпай баса бергем. –Эжесинин эрдиктерин билсе жаман болбойт эле, айтпайсыңбы?-Зыйнат ачууланып.
— Менден эмес, эжесинин өзүнөн уксун. Курбуларым не деген кеңештерди бербедилер. Ошондон кийин үч күнгө чейин ал келген жок. Жан дүйнөм аны канчалык эстеп турса да, унутууга аракет кылам. Эмнеси билбейм, Жайнак жумуштан кошо чыгат, эрте менен да бирге келет. Бир көөчөдө жакын эле турабыз. Мүнөзү кыз-келиндердин баарына жакчу. Боорукер, тамашасы күч, теңтуш, бойдок мырзалардан.

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9Кийинки

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы