АДАБИЯТ

«Сүйүү баяны»

Эмне болгон жер? Кайда басаарымды билбеймин? Жылаңаяк бутумдан сыз, үстүмдөн жамгыр өтүп баратат. Караңгыда ары-бери басканым менен барибир кайда басаарымды билбейм. Тобокел кылууга мажбур элем.
Бирок… капыстан токтоп турган машинага көзүм түшөөрү менен басыгымды тездетип ага жетээримде жылаңаяк бутум ылайга тайып «ай» деп оңкочук атканымды бир билем. Ошол убакта чырагын жандырган машинанын эшигинин ачылганын «эй кимсиң» деген эркектин добушуна жооп бералбай, кабыргамды мыжыган кату оорудан араң жер таянып олтуруп калдым. Бир убакту мурдумдан аккан кан ансыз да ылай болгон көйнөккө тамып…же ылай болгон колдорум менен аарчый алсамчы, кол сумкамды калтырганым өкүнүчтүү…
– Ой, деги соо бекен? – мага жакындаган аял менен эркектин добушунан кубанып.
-Соо элемин, ушундай болуп калды кабыргамды сайган ооруудан доошум буулуп, жерге кирип кетпей араң унчуктум.
Алардын жардамы менен колумду жууп, аял берген жүз аарчыны мурдума басып, машинага араң олтурдум.
– Карындашым, кайдан минтип жүрөсүң?
Окуяны уккан Максат байке менен Сабира эженин кыжырданганын, абалымды көргөн Жаңыл менен Зыйнат эмне болгонун айтпасам да түшүнүктүү эле.
Түнү менен кыйналып чыккан жаным, эрте менен доктурдун маңдайында, түндө болгон окуя түш сымал, дөңгөлөктүн астында калган немедей, денем оор тартып жанчылат. Айла жок, ооруканага жатып калдым.
Ой, кудай ылай каптаган дарыянын жээгинде качып баратам, канчалык жүгүрөйүн дейм бирок баткак бутумду коё бербейт. Капталымда коркунучтуу топон дарыя, анда-санда көрүнө калган түрү суук жыландар, дагы бир нерселер… Артымдан түрү суук бирөө кууп келаткансыйт. Бир убакту баарынан качып кутулуп аңгекке кулап баратып «апа-а» деп кыйкырып көзүмдү ачсам…баары жайында, палатада экенмин. Ысыгым көтөрүлгөнүн айтып медсестра укол жасап, ушул убакда эки күн кыйналып, анан ары-бери басып калганымда…кызык…курбуларым менен Максат байкенин чогуу келиши, таң калыштуу, ошол күнү Максат байке, Сабира эже, аныгы жубайлар менен милиция участкасынын алдында жолугупмун. Байке участковый болуп иштээрин, ошол күнү мени үйгө таштап коюп, кайра артка келип, болгон окуяны териштирип, эртеси Зареманын окуу жайына барып, болгонун айтып, билип «жабырлануучу арызданса, жоопко тартыласыңар» деген. Деги жакшы менен жаман жанаша жүрөт деген чын экен. Ошол күнү жаманга да, жакшыга да жолуктум.
Бирок… жанагы зөөкүрдү мага салган Зарема экенин укканымда денем дүркүрөп Тариэлди эле эмес, ата-жотосунан бери жек көрүп, экинчи жолу ага жолукпоого өзүмө-өзүм сөз бердим. Өзүмдөн уялдым…абдан уялдым…
– Гүлжаз, сен да тигинин башын жара чаккансың го! Таңып жүрөт-байкенин күлкүсүнө биз да каткырып ийдик.
Иш жайы кыскарып, үйдө жумушсуз, кыжалат олтурган Зыйнат, Тариэлдин мени «кайда» деп кайра-кайра-сураганынан тажап.
– Көйнөк эле ылай, кан болбостон, аны кийгендин да жүрөгү ылай болду, таэжеңдин байлыгын аңдыган эжелериң, аны, тынч кой деп убадасын да алышкан, мына бөлөң баарына точка койду.
Алгач Сабира эженин шаардагы квартирасына көчүп өтүп, анан жумуш менен да камсыз болгон курбуларым менен кайрадан биргебиз. Жаңы жумушум, кайра эле тигүү цехи. Дарексиз кеткенимди Чолпонго кантип түшүндүрөм…билбеймин? Бүгүн Сабира эже туулган күнүнө чакырган. Курбуларым жумуштарынан келип, тыяк-быяк болуп жөнөгөнчө, караңгыда аялдамага шашып баратканбыз. Жаныбызга келип токтогон машинанын айдоочусу:
-Кыздар шашылышпы? Олтургула жеткирип коелу?
-Ой «Кудай деген кулуна, даяр кылат жолуна» дейт, турпатыңыздан ыймандуу жигит көрүнөсүз, олтуралы, келгиле кыздар?-машинанын эшигин ачып, Зыйнат экөөбүздү карап калган Жаңылга бурк этим:
– Эмне, турпатына «ыймандуу» деп жазып коюптурбу? Бас кеттик – Ыймандуу жигит экен, мен да олтурамын-айдоочунун жанына олтурган Зыйнатка оозум ачылганча, Жаңыл да артына олтуруп алган.
Кудай өзүң сакта… ичимден күбүрөнүп, экөөнө жиним келип, эшигин ачканда, ой…ортодо эркек киши.. кепканы басып кийип, кара очки, жакасын бийик көтөргөн, тизесинде гүлдөр, жүрөгүм шуу эте, олтуруп калдым. Айдоочу тааныштай, кыздар менен аны муну сүйлөшүп, берки эркек унчукпайт, таңмын…
Анан эле машина, көп кабаттуу үйдүн жанына келип сигнал басканда чыга келген Тилек: – Эй, эмне кечиктиңер, баарың барсыңбы?…Чолпон эмне сен чүмкөнүп?..
Дуу жаңырган күлкүдөн, мен түшүнсөм да Тилек түшүнбөдү окшойт.
-Гүлжазга театр коюп атканбыз, эми буздуң, бетин ачкан Чолпон жылмайып. Өзүмдүн энөөлүгүмдөн уялып, олдоксон абалда калганымды сезген белеем Жаңыл:
– Гүлжаз, кечирип кой! Сабира эже баарыбызды чакырган, Чолпонду ага биз айтканбыз, жакшы күндө бирге бололу деп.

“Эл жарчысы” гезити 2012-жыл

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы