АДАБИЯТ

«Сүйүү баяны»

— Ии-ий көрсө Гүлжаз айымдын азабынан келип жүрөм дечи бул жерге, анда көрүндүк эки эсе кымбат болот,-башын эки жакка кыймылдатып, сөөмөйүн чычайта сүйлөгөн Асия эженин сөздөрү баарыбызды күлдүрдү. Турмуштан ажырап, бир кызым бар экендигим айтып, дос бололу дегениме, ал сүйүүсү менен гана жооп берип айтты. Күн сайын жумуштан жеткирип, татына күлкүсү жылуу мамилеси мени өзүнө арбап алган болчу. Бара-бара аны көрбөй калган күнүм бир нерсени жоготкон адамдай кыйнала берчүмүн. Жумуштан чыгып көбүн эсе үйгө эмес, кино, сейил-бак, кафе-ресторанга барып эс алып келмей адатка айланды. Анын жанында өзүмдү эң бир бактылуу аял заты сезчүмүн. Аны менен өткөргөн ар бир күнүмдү жашоомдун бактылуу барактарына калтырып айттым. Караңгыда чоң арыктан секирем деп, бут кийимим сууда жоголуп, ал мага өзүнүкүн чечип берип, өзү жылаңаяк басканы, таманы бийик бут кийимден тайып, жолдогу ылайка сууга жыгылганымда, кийимдерин мага чечип бергени, тролейбуста жанымда турган жигиттерден кызганып бек кучактап алгандары, бийге тарткан жигиттен тартып алгандары жайдын жадыраган күндөрүн артта калтырып баратты. Анын чакыруусу менен келген тойдо эжелери Анара жана Канышай менен тааныштырды. Тариэлдей сулуу болушпаса да барибир окшошот экен. Бирок ошол тойдон кийин Анара эжеси ажыраганымды бетиме чаап, мен анын теңи эместигимди аны таежесинин кызына болуштуруп койгондугун ушундай жагымсыз сөздөрү менен такыр жүдөтүп жатты.
— Ал кызга өлсөм да үйлөнбөймүн, жашоо меники мен каалагандай болот.
– Тариэлдин көңүл жубаткан сөздөрү да жүрөгүмдү уйгу-туйгу кылат.
Тариэлдин Казакстанга кеткенинен бүгүн бешинчи күн.
Убада боюнча ал бүгүн келүү керек. Иш күнүмдү араң аяктап убадалашкан жерге шаштым. Тариэл менен Анара эжесинин майдайынан кантип чыгып калганымды билбей калдым. – Уятсыз… эжесинин ызыранган сөздөрү чагылгандай тийип өттү.
— Уятсыз деп сени айтат, сени менен үйдө сүйлөшөбүз. Эжесине ачуусу менен бир тийген Тариэл колумдан кармаганча элди жиреп, тамагымда ачуу жашка буулуп, ооруудан кыйналган адамдай араң бараттым. Кафедеги элдин маанайы, жагымдуу музыка, жүрөгүмдөгү сагыныч, кусалык, ызага жардам бербей атты.
— Гүлжаз, жаным мени кечир, баары жакшы болот, билип турам эки анжы болбо, макул десең Россияга кетип балалуу болгондо келели, кызың да биз менен болот!-анын сөздөрүнө тамагымды бууп турган жашты чыгарбаганга тырышам. Оозумду эле ачсам чагылган чартылдап, көз жашым нөшөр болуп, бүт жан дүйнөм ээ-жаа бербей эзилери анык. Унчукпай койсом анын абалы да жакшы эмес. Эшик ачылып официант жигиттин букет гүл, бир колуна чоң ак мамалак оюнчук кучактап айлананы байкап, анан биз тарапка басканын баары байкады көрүнөт.
— Гүлжаз айым, бул сизге Тариэл мырзадан-жылмайып турган официанттын сунган белектерине ордумдан туруп бир колума гүл, бир колума көкүрөгүндө «Сүйөмүн» деген жазуусу бар чоң ак мамык мамалакты кучагыма толтуруп алат экенмин, жылмайып турган Тариэлге карап жоодураган көздөрүмдөн чын ыраазылыгымды билдирип турдум. – Бактылуу болуңуздар-жылмайган официанттын сөздөрү Тариэлдин жүзүмдөн сүйүп койгону, олтургандардын кол чабуулары, мени көпкө толкундантып турду. Ичкенге үйрөнбөгөн жаным, бир аз ичкенден кийин магдырап, Тариэлдин кучагында жепжеңил бийлеп жүрдүм. Кошуна столдогу кыз-жигиттин өтүнүчү менен көтөрүлгөн тосттон кийин буттарыма анчалык ээ боло албай көңүлүм айнып, кыйналып аттым.
— Кетели-алсыз унчуктум. –Ооба жаным, кетебиз. Кучагына толтуруп мамалакты, букет гүлдү көтөргөн официанттын артынан Тариэлдин коштоосунда сыртка бет алдык. Көп кускандан раңым кеберсип кыйналган мени, бир колуна мамалакты кучактап алган Тариэл үйгө келгенде, Зыйнат менен Жаңылдын күлкүсүнөн, кандай абалда калганын сезбедим.
Тариэл экөөбүздүн сүйүүбүз канчалык ысыган сайын, эжесинин, мен жашаган үйдүн алдынан, жолдон тосуп, көңүлүмдү ооруткандары азапка салат. Түшүмдө да анын заардуу көз карашынан чоочуп кетем кээде.
Бүгүн ишемби. Тариэлдин жан досу Мырза, Гүлмира экөөнүн үйлөнүү тойлоруна чакырышкан. Курбум Жаңыл экөөбүз кафенин эшигин ачып кирээрибиз менен шаңдуу музыка, меймандардын оюн-күлкүсү, тойдун көптөн бери улантылып жатканын сездирет. Костюм-шым жарашып, анык күйөө дос болгон Тариэл, татына кийинген бир кыз менен бийлеп жүрүптүр. – Сени ким чакырды бул жерге, көрдүңбү Тариэл жанындагы кызга үйлөнөт, бөлөсү, байдын кызы ошончо нерсени таштап, кайдагы сени башына чапсынбы, жакында тойлору болот уятсыз… Анара эжесинин кайдан пайда болгону этимди үзүп алгандай сөздөрү, узап баратып шылдың аралаш күлкүсү башка чапкандай болуп, не кылаарым билбей нес болуп турдум. – Гүлжаз, өзүңдү колго ал курбум, баарын сүйүү жеңет, жүрү белектерибизди берип келели, күлүп койчу жаным…бол эми… Колумдан сүйрөп алган Жаңыл көпчүлүктүн арасында бийлеп жүрүшкөн эки жаштын алдында токтодук. – Мырза, Гүлмира үйлөнүү тоюңар кут болсун, кармашкан колуңар бек болуп, бири-бириңерди асырап жашагыла! – бийик чыккан музыкадан үндөрүбүз угулуп, угулбай, белектерди тапшырып кетүүгө шашылдым.
Жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, бат эле ушул жерден көчөгө чыксам кутула тургансып эшикке жакын калганда … анын бөлөсү экөөнүн жанаша бейкапар күлүшүп турганы…эптеп көчөгө чыгууга шаштым.

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы