Жай бий. Ал бийге чакырып калды.
— Коркпо жыгылбайсың, бекем кармап турам-кулагыма секин шыбыраган анын илебине сыйкырланып калгандаймын. Белимди кармап турган колдорунан бүт денем ысып… жүрөгүм катуу согуп, жан дүйнөмдө кандайдыр бир сезим толкугансыйт. Жомоктогу мырзасын тапкан сулуудай болуп, аны менен көпкө бийлегим келди. Достору менен да тааныштырды, Тилек өзү менен иштеп, Кыялбек бизнес жаатында Айчүрөк эже классташы экен. Анын татына күлкүсү, сүйлөгөндөрү, жан дүйнөмдү тазартып, жүрөгүмдү сергиткенсийт. Бийге тарткан Жайнак. – Тариэл терисине батпай, жарылгыдай болуп турат, үйгө кетпейлиби?
— Каалагандар кетсин, каршылыгым жок.
— Азабың ага оор батат, түшүн.
— Болгону боло берет-ансайын көгөрөм.
— Ой сулуулар кафенин планын толтурдук, эми кетели үйдө да план бар-Асия эже баарыбызга угуза.
— Гүлжаз, жолугуп турсак болобу, жакшы эле ойдо?
–Чолпондун суранчына баш ийкедим. Эшикте күтүп турган Тариэл үн-сөз колумдан алып такси токтотту.
— Гүлжаз, тур эми бүгүн кандай күн экенин унуттуңбу? Нуржананын туулган күнүчү? – кулагыма бир кирип-кирбеген кыздардын сөздөрүнө араң баш көтөрдүм. Жүрөгүмө суу барбай, башым зыңылдайт. Жата эле берсем. Душтан кийин бир аз сергип, кыздар менен базарга түштүк. Курбуларымдын кызыма арнаган белектерине эмес, өздөрүнө ыраазы болдум. Кандай күндө да жанымда экөө. Айрыкча Жаңыл ак көңүл, күйүмдүү күйөөсү авариядан өлгөндөн кийин эки жаштагы уулун апасына аманат калтырып, шаарга баса берген. Жашыбыз тең. Зыйнат бир жашка кичүү. Турмуш кура элек, бир сүйлөгөн, сөзүн өткөзө билген, үйдө, жумушта бардык жерде тазалык болсо дейт. Тариэлге бүт чындыкты айтып, кечирим суроонун ордуна, Чынара менен театр койгонун жана башкаларды айтып уяткарган да ушул. Ысыкта үйгө араң жетсек, белектерин көтөрүп Тариэл туруптур. Анан бизге удаа артыбыздан Жайнак көтөрүнүп…Кызымдын туулган күнүн досторум менен ушинтип өткөрдүк. Ошондон кийин Тариэл өзгөрдү. Жумуштан чыгаарым менен үйгө жеткирет. «Эжелерим эч нерсе дебедиби»,-деп сурап турат. Чынарага такыр сүйлөбөй койду. Мендеги өзгөрүү эмне экенин билип-билбей кыйналамын. Жумушум бүткөндө Тариэлди күтпөй кете берем убара кылып, мурда канчалык сагынып күтсөм эми анчалык эмес. Чакырган жагынан баш тартмайым көбөйдү. Эжелери Тариэлдин катуу урушунан кийин мага катуу айтышпаса да жолугуп калганда көздөрүндөгү заарды байкап жүрдүм.
Бир күнү Айчүрөк эже сыртка чакырып калды.
— Чолпон салам деди, өтө көп сурайт, жолугуп олтурсак дейт, эмне дейсиң?
— Мм…макул бирок.
– Ал үйлөнүп, алты айга жетпей ажырашкан, кыйын жердин кызы болчу, сулуулугучу, эми бойдок, жүрөгүм жактырган аял затына үйлөнөмүн дейт, Тариэл жөнүндө айттым, барибир жолуктур дейт-эже сөзүн бүтүп мага суроолуу карап калды.
Эртеңки дем алуу күнүндө жолугууга макул болдум. Курбуларыма айтсам «Эмне сен туруксуз болуп баратасыңбы?»,- деп күлүшөт. Чогуу бармай болдук.
Жалгыз гүл кармап турган жигитти алыстан байкадык.
Гүлүн мага узатканча, кыздар менен да жылуу учурашты. Чогуу тамактанып, айрыкча суунун ичинде, фонтандын жээгинде чогуу түшкөн сүрөтүбүз эсте каларлык болду. Өзгөчө Зыйнаттын сүрөтчүнүн «мына» дегенде үстүбүзгө суу чачып жибергени, фонтандын ичине киребиз деп суу болгонубузга сүрөтчү да күлүп жиберди.
— Биз анан – дегенче көзүн акырын ымдаган Жаңыл, Зыйнат менен кетти. Көптөн бери бөксөргөн дүйнөм толгонсуп, аны менен убакыт кандай өткөнүн билбей калдым. Ал мени күзөтүп жатып, ишканама келээрин айтып кош айтышты. Эртеси Тариэлдин Канышай эжеси жолумдан чыкты. Ичимден «мына башталды кайра»,-деп ичиркенип кеттим, деги ушулардын азабы өттү го!
— Сени менен сүйлөшөйүн дегем-жетип калганымда унчукту.
– Айтыңыз. – Сага кантип түшүндүрөөрүмдү билбеймин. Тариэлдин жүрөгүн багынткан экенсиң жамансың дей албайбыз, бирок таежемдин кызычы, ал да сүйөт, анын ыйлагандарычы ушинтип туугандан ажырайбыз, кала берсе таежемдин баарыбызга көлөкөсү тийип келет, кызынын себине арнаган үй-жай, машинасы бар, жашоону көрүп турасың?
Гүлжаз, сенден суранам бизди түшүн, баары сөз сенде калды. Тариэлди өзүңдөн алыстат, жашсың, татынакайсың буюрса мындан да жакшысы жолугат сага—эжеси көпкө сүйлөдү.
— Макул, бир аз убакыт бериңиздер-бар сүйлөгөнүм ушул болду. Бул күндөрү Тариэл Казакстанда жүргөн. Бул арада Чолпон бат-бат келчү болду. Кичинекей блокнотко толтура өзүнүн ырларынан жазып берди, белек үчүн. Андагы ырларды окуп эки оттун ортосунда калганымды сездим. Ар бир саптарында атымды «жаным», «айым», «сулуум», ж.б. назик сөздөр менен кайталаган.
0 235