АДАБИЯТ

«Сүйүү баяны»

Кызыгы ар бир бетинде, мага суроо иретинде кайрылган саптары болуп, акырында «жообун күтөм»- деген жери бар экен.

Толтура деги келин-кыз,
жүрөккө жаккан өзүңүз.
азапка салат өзгөчө,
жоодурап турган көзүңүз.

Күн өткөн сайын арбалып,
Артыңдан жүрөм сандалып.
Кайрылбай кетсең эгер сен,
Каламбы анда саргарып?..

Бир көргөндө жүрөгүмдө жылуу сезимдерди калтырган кандай жигит өзү?
Же башкаларды да ушинтип арбап анан таштап кеткен бирөөбү?
Байдын кызынан ажыраган болсо, жөнөкөй менин эмнеме кызыгат? Атасы жылуу кызматта, апасы врач болсо, алар мени тең ата көрүшөбү? Тариэлдин эжелериндей кылышса биротоло курутат ко!
Бул суроолордон жан дүйнөм тынчыбай атты. Эмнеси болсо да баарын айтышым керек, ойлоп койдум.
Иш күнүм аяктап сырта сапардан кайткан Тариэл күтүп туруптур.
-Жаным, мен келдим: -колунда белеги менен, кучагын жайып күтүп турду. Аны биринчи жолу көрүп тургансып болор-болбос жылмайып жайымда туруп калдым. Эжесине сөз бергеним эсимде. Тагдыр экөөбүздү жолуктуруп, ушул абалга салганына кейип турдум ушул ирмемде. Жашоодо бактылуу болушун каалап турдум чын дилимден. Колумдан кармап алган. Гүл саткан жерде токтоп калды. Капыстан Чолпон менен Тилекти байкадым.
-Гүлжаз, жактырган гүлүңдү тандабайсыңбы ? – Тариэлдин үнү алыс-алыстан угулгансыйт. Негедир Чолпондун сүйгөн гүлүн тандадым. Баарын байкап турган ага баш ийип баса бердим. Бирок, артымды карагым келип…, кылчайганымда ал деле менден көзүн албай турганын көрдүм. Демек ал бүгүн мага жолукканы досу экөө келген экен, мына тамаша сага. Өзүмдөн-өзүм дүйнөмдө күрөш жүрүп атты. «Чолпон менен кал» деп бири айтса, «Тариэлди да ойлогун» дейт бири. Тариэлдин тамактаналы дегенине көнбөй, үйгө шаштым. Эптеп үйгө жетсем баарынан кутула тургансып, «Эмми Чолпон келбейт, бүттү » деп чечим чыгардым өзүмчө. Зыйнат «чын сүйсө келет» дейт.
-Бул ага сыноо болду, калганын эми көрөбүз-Жаңылдын сөзү туура эле. Ошондон үч күн өтүп түшкү тамакка чыгаарыбызда Айчүрөк эже «сырта Чолпон күтүп турат»-деп калды.
-Салам, Гүлжаз-дайым күтүп турчу жерде ал мага жылмайып. Абалымды сурап, тамактанганы бирге отуруп калдык. Бая күнгү окуяны айтып досу менен мага жолукканы келип, кокустан Тариэл менен көрүп, неге ал жактырган ромашка гүлүн тандаганымды сурап калды. – Сиздин жүрөгүңүз оорубасын деп, ошондогу абалымды түшүнсөңүз эгер….
-Ырахмат, Гүлжаз. Бирок турмушту тура баалай билишибиз керек. Эмкисинде ката болбошу керек, биз эми жаш бала эмеспиз да, экөөбүз тең турмуштан бир жолу кагылдык.
– Ооба, билем.
– Билсең анда неге… ойлоносуң?
Ансыз да эжелери каршы болсо?
Анын кийинки сөзүнө «кимден укту» деп бушайман боло түштүм.
– Кечиресиң… Тариэлдин квартиранты өзүң менен чогуу иштейт экен го ошол Айчүрөккө айтканынан биринчи жолукканыбызда бетиндеги тактын себебин ошондо билип олтурам-менин абалымды сезди белем мукактанып.
Эмне дейин, баары чындык ооз ачпасам кутулам го деп унчукпай тура бердим. Анын жылмайганын, сүйлөгөнүн эмне десе баарын угуп, кээде гана «ооба», «жок» деп коюп.
– Гүлжаз, капа болбодуңбу мага жаным, терең ойлон, ары же бери кучагына бекем кысып, маңдайымдан сүйүп коштоштук.
Тазалыгы, кыймыл-аракети деги Чолпон атына төп келет. Атына заты жарашкан ушундайлар болсо керек, ойлорго жетеленип, жолумда сырдуу жылмайып турган Жайнакты араң байкадым. Мунун Тариэл экөөнүн көңүл жакын экендиктерин жакында билип жүрөм.
– Баспайсыңбы, кечигебиз?- үн каттым.
– Туруксуз болоюн дедиңби?-дале сырдуу жылмаят.
– Болгондо, болбогондо эч нерсе өзгөрбөйт. Жок байлыкты кайдан табамын.
– Жок Гүлжаз адашасың, Тариэл экөөңдүн жүрөгүңдө эң чоң байлык сүйүүңөр бар го!
– Ал сүйүүбүз бизге байлык болсо, башкалары үчүн арзыбаган нерсе, турмуш куруп ажыраганым, Тариэлдин али үйлөнө электиги, эжелери эмес, өзүмдү да кыжалатка салат. Мүмкүн кийин өзү да өкүнүп калат. «Тең теңи, тезек кабы менен»,-эле дегендей.
– Билбеймин, ал сени деп үй-бүлөсү менен таарынышып жүргөнүн да унутпагын.

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы