ХХХ
Жогорку курс болуп калганымда, апам «үйлөнөсүң» деп калды. Кыз даяр Токтокан. Бул аяш атамдан чыккан пикир. Ата-энеме кала берсе өзүм да каршы болбостон, чоң той өткөрүп, ошол эле күнү биринчиси мен эместигимди түшүндүм. Апамдын жалдыраган көз-карашы, жакшы-жамандын алдында жабылуу аяк, жабылуу бойдон калтырдым. Бирок жүрөгүмдүн түбүндө зил калды. Үч ай түзүк эле жашап, анан чоң сүйлөгөндөрү байкалып турду. Туулган күндө курсташтар ичип олтуруп чатакташа кеттик. Күү менен урган белем, оозу-мурду кыян-жаян болгон Мураттын – Эмне, кыз катын алгансып адыраңдайсың, эмне эркекмин деп жүрөсүңбү? Ха-анын сөзүнө бычаксыз союлдум.
– Мүмкүн, сендирсиң ошол ыплас?-бар күчүм менен ага жабышып кеттим. Ошентип бети-башыбыз көгөрүп, милицияга түшүп чыктык.
Окуяны уккан кайненем
– Эмне, бардар жашоо кутуртуп атабы? Кызымдын бутунан кучактап жашасаң болмок, мындай катын баарында эле жок-дегенче кайра өзүмө асылып кетти.
– Анда, ошол жокторго алып барып бериңиз.
– Жатаканама кирип, эшикти ичинен илип алдым. Сөздөрүм бизге сайган белем, кайненем көпкө чейин өкүрүп-бакырды. Ушундан кийин да канчалык көңүлсүз нерселер болду.
Жедеп тойгонумда ата-энесине, өзүмдүкүлөргө мындан ары жашай албастыгымды айтып, ийнесинен бери калтырбай берип, ажырашып тындым. Ошондон бери жүрөгүмдүн чыныгы периштесин күтүп жүрөм, анан сен жолуктуң Гүлүм!
– Балалуу келинди тааптырсың деп жакындарыңыздан сөз укпайсызбы?-ойлуу сурадым.
– Жок, Жазым, эч кимден, эч качан! Кызың өзүңө окшойбу? – Ууртунан күлүп.
– Бир аз… Жүрөгүңүзгө дагы бир жолу кулак салып көрүңүз?
– Ырларда айтылган суроолорго качан жооп берет экен Гүлжаз айым?
– Мм…болот…бир аз күтө туруңуз.
– Курбумду ким ала качты, ачуу басарга качан келишет деп олтурса эмне силер ээрчинишип? Жеткирип келген Чолпон экөөбүздү Жаңыл тамашасы менен тосуп алды.
Тариэлди ишканага келгенин койдурганын эсепке албаганда, жолдо же үйдүн жанында турган болот. Аны жан дүйнөмдө канчалык аяп турсам да алыстоого мажбур элем. Анткени эжесине сөз бергенмин. Айткан жагынан баш тартып көңүлүн канча ирет ооруттум. Ошол күнү заказ бүтпөй тигүү цехинде жумуш кеч аяктады. Чарчаганыма, курсак ачтыгына карабай, куйуп жаткан жамгырдан шашып баратып, бирөө чакырганынан кайрылсам четте турган машинадан Тариэл түшүп келди.
«Туулган күнгө барып келели» дегенден «барбаймын» деп бут тиреп тартышканча, жарым-жартылай далда жерде түзүк эле суу болдук. Машинадан түшкөн мага тааныш досдору да келишип, ой-боюма коюшпай дүкөндөн кийиндирип, чачымды түзөшүп алып кетишти. Барганда туулган күндүн ээси бөлөсү Зарема болду. Гүлдү узатып жатып көздөрүнөн мага болгон жек көрүүнү байкадым. Тамак өтпөйт, же ызылдагандар жакпайт, Тариэлдин досторун гана тааныбасам, калгандары Зареманын курсташтары экен. Жанымда олтурган Тариэлди ары-бери сүйрөй бериши, Зареманын мага кылган кычыткысы эле.
Өзүнүн жашына туура келбеген, жагымсыз, семиз жигиттин бийге тартып, акидей асыла бергенинен буулуп унчуктум:
– Тынч койчу, жигит суранамын?
– Анда үйүңдө олтуруу керек болчу, эмне келдиң жакпаса? Ха-ха-ха…
Ансыз да итиркейим келип араң турганымда, ырсаңдаганда оозунан буркураган жытка, жүрөгүм айланып, сыртка шаштым… Ой кудай ушундай да адепсиз болобу, өзү да, жыты да жагымсыз, ачыган таштандыдан эмне айырмасы бар…ич ичимден бушайман болуп жагымсыз нерселерди жууп кетсин деп жамгырда тура бердим. Айланам толтура гүлдөр! Биринен бир кооз, жамгыр астында турса да алар бир-бирине арзуу айтып ачылып, жыпар жытын таратып тургандарычы?… Менчи?… Мен өзү неге келдим? Тариэл Зареманын өзүнө болгон сүйүүсүн биле туруп да эжесинен тартынбай мени неге ала келди? Эмне ойлогонун билбедим, бирок жакшы болбоду. Аттиң… билбей келдим. Жарым-жартылай суу болуп, эшик оозунда баш-аламан турган бут-кийимдерди аттап өтөөрөмдө, ичкерттен чыга калган жанакы семизди көрүп, жүрөгүм шуу эте, ичкери шаштым.
– Жакпаса жүр, жамгырда таза абада айлантырып келейин?-жагымсыз ырсалайдаган зөөкүр немее колумдан чып кармап «коё бер» дегениме көнбөй, мастыгынан бут кийимин кийе албай атканда…колума тийген туфлий менен таз башына түшүрүп, бар күүчүм менен талу жерине тээп, жолдо качып баратканымды биллем… канчалык жүгүргөнүмдү, турган жеримди да билбеймин. «Апа» деп кыйкырып, оозумду колум менен басып бутум кан, бир бутум жылаңаяк. Эстесем… зөөкүрдү тепкенимде бирөөсү бутумдан түшүп калган. Колумда шиш така бөтөн туфлий жүрөт, тигинин башына ушуну менен түшүргөн болсом, анда ал да оңбоду го! Ылай аралаш бутумдан аккан кандан, сыздан да, жанакы зөөкүрдүн кууп келишинен коркуп турдум.
0 230