Тешебаева Назгүл – Кадамжай районунун,
Каражыгач айылында туулган
Таш боор ажал мен сага каргыш айтам
Жарык дүйнө менен бүгүн коштошупсуң
Жолдошуңду,балдарыңды боздотупсуң
Кан айланбай апаке жаш дениңде
Дүк-дүк соккон жүрөгүңдү токтотупсун
Апаке бүгүн аккуш болупсуң
Аалам кезип келбес болуп учупсуң
Карагаттай көзүңдү эстей албайм
Таш боор ажал неге апама жолуктуң
Жап жаш болуп жаркылдап кана бассаң
Дагы жашап өмүр балын кана татсаң
Турмушуңдун тар жолунда жолуккан
Таш боор ажал мен сага каргыш айтам
Апакебай неге таштап кеткенсиң
Боз топурак ала чаңдуу жердесиң
Эми ыйлабай кураан окуп дуба кылам
Анткени сен кайра кайтып келбейсиң
Бул күндү эстеп үйгө чогулдук
Дуба кылып сага кураан окудук
20жыл зымыраптыр арадан
Апакелеп жүрүп мына чоңойдук
Арбагың ар күнү үйгө келсе керек
Балдарыңдан кабар алып турсаң керек
Арабызда азыр сен болгонуңда
Балпайгаан байбиче болсоң керек
Апакебай жалт-жалт карайм көзүңдү
Карегиңден мээрим нуру көрүндү
Көрдүм сени болгону бир сүрөттөн
Түшүмдө апа неге көрбөйм өзүңдү
Эмчектеги улак өңдүү ай кызың
Бүгүн мына турмуш жолго аттанды
Тойго келген көп караандын ичинен
Издейм көзүн алыс кеткен апамдын
Бүгүн тоюм апакебай билдиңби
Көрүнбөстөн апа үйгө кирдиңби
Ак никелүү тоюм менен куттуктап
Сүйүп койчу тостум апа бетимди
Үйдөн ыйлап чыкканымды көрдүңбү
Ой санааңды ыйлап атып бөлдүмбү
Апакебай сага карап бурулсам
Аарчып койчу жашка толгон көзүмдү
Кызыма
Кызды таптым, бирок жүзүн көрбөдүм,
Кыздуу болдум, жүзүн сүйүп өппөдүм.
Сен төрөлүп апакеңди кубантып,
Анан неге жан дүйнөмдү өрттөдүң?
Оо, жараткан перзентимди талаштың,
Өзүң берип неге кайра аласың?
Төрөгөндө кыйналсамда кубандым,
НЕ таарынттың жаш бөбөктүн апасын.
Төрөлдү да кетти дүйнө кыдырып,
Чачтарыны шуудурум жел сыдырып.
Төрөлдү да мени таштап кыз шашты,
Апасынын бош көңүлүн сындырып
Эмчектеги сүтүм калды эмген жок,
Насип этип түбөлүктүү берген жок.
Берди дагы өзү шашып алды го,
Жер чапчылап ыйлаганым сезген жок.
Бек кучактап боорума кыспадым,
Перзентимдин ыйлаганын укпадым.
Келсе керек ушул жерге кызым деп,
Андан калган бош бомону жыттадым.
Ах, деп жыттап көз алдыма элестеттим,
Кыялымда кызымды эркелеттим.
Бир оокумга бүт баарысын унутуп
Күлүк ойдун туусун желге желбиреттим.
Фатима деп атын койдук кызымдын
Болсо дедим эң кереги кыргыздын
Ойлогонум орундалбай бат эле
Көтөрүлүп асманга учту Жылдызым.
Аккуу болуп кетти кызым алыска
Азыр ал жок апасынын жанында
Көпөлөгүм канаттарын каккылып
Кеткен экен кайра келгис жактарга.
Таш боор ажал сен эч кимге күйбөйсүн
Ким болсода сүйүнгөнүн сүйбөйсүн
Сен кайрадан жакыныма жолуктуң
Алып кеттиң кызымды көрсөтпөдүң.
Күлүк аттай күлмүндөп күндөр өтөт
Бул дүйнөдө эч ким калбайт, баары кетет
Ошентсе да, ойлогону орундалып
Кандай адам максатына оңой жетет.
Келбешиңди билсем да күтчү болдум
Күйүтүмдү күндө ичке жутчу болдум
Жымыңдаган көзүңдү көрбөсөм да
Элестетип өзүмдү алдап жүрчү болдум.
Кеттиң кызым келемин деп алдадың
Күтөм кызым жол кароодон талбаймын
Келбешиңди билсем дагы негедир
Күндө күтүп мен өзүмдү алдаймын.
Бала үчүн баарын чыдап жеңемин
Бүлөө күттүм бала эле тилегим
Башкалардын катарында магада
Алла-Таалам берди перзент белегин
Жан дүйнөмдөн сени алгач байаганда
Сүйүнүп асманга учтум окшойт
Жан кыйналып кызым сени тапканда
Кубанычым коюнумдан ашты окшойт
Жанымдан кызым сени жоготкондо
Башымдан бакыт кушум учту окшойт
Таш боор ажал кызым сага жолукканда
Боз топурак койнун кенен ачты окшойт.
Кызды алып мерээз ажал тындыңбы
Эмне үчүн менден алдың кызымды
Алаксытып мени алдап бир азга
Таш боор ажал кылгылыкты кылдыңбы?
Мерээз ажал сендей күчтүү болушка
Дарман куруп, күчсүз болуп баратам
Мени ыйлатып ажал сенден суранам
Жакыныма эч кимиме жолукпа?!
Жараткандан дуба кылып сурайын
Апа деген бала үнүн угайын
Сыздап кетти сөөктөрүм калчылдап
Көп ыйлактап, тарканыма убайым.
Назгул азаматсын, сага чыгармачылык ийгилик, онорун онуго берсин. кара жыгачка салам
рахмат чооон !!!
Назгул мынча соонун чыгармаларын, чыгармачылык ийгилик.!!! Бирок мен билбейт экем булжоготууларын, конулайтам.Назгул Алла Тааламдан откон куйумдуу, боорукери жок ошондуктан умутунду узбо келечекте ширин ширин наристелердин энеси болосун!!!
чон рахмат!!! айтканыныз болсун.
окуганда журокко жетет экен,
ya plachu….. Nazgul sizge ar taraptuu iigilikter,maksatynyzga jetiniz …