— Кызда-а-ар бүгүн акча алат экенбиз, майрам!-Асия эженин доошу шаңдуу чыкты. Акчаны алганыбыздан кийин каалоочулар өзүбүзгө тааныш кафеге кирип бир аз жазылып олтуралы дедик. Он эки адамга үч столду бириктирип беришти. Жагымдуу музыка, жалаң эркек официанттар. Баарына да бүгүн алтынчы күн.
— Ээй сулуулар, өлө турган жанга капа болбой, ушинтип көңүл ачып жүргүлө, бүгүн баарын унуткула, билгениёердей олтургула!-биринчи тост Асия эжеден башталды, штрафной деп алдыма коюлган стакандарды кантип бошотоорум билбейм. – Ээй Гүлжаз-з кемеге түшкөндүн жаны бир, таштап койбойбуз, бол эми ал – жанымдагылар ансайын коюшпайт. Такыр башкача абалдамын, жүрөгүм жазылып, жеңилдеп өзүмдөн-өзүм күлөм. Бийди да катырып атышты… жөн эле.
Кысынбай – тартынбай жепжеңил бийлеп жүрдүм. Ооба капа болбоймун, жашоодо конок экенмин, антүүгө алым жок. Мага да колун сунган бирөө бардыр…Аны деп кыйналбаймын эми бүттү. Байдын кызы менен бакыт тапсын. Жеткен күнүбүздө да эжелери антип турса. Эмки турмушумда ката кетирүүгө акым жок. Ансыз да кичинекей кызым айылда апамда. Өтө сагындым. Эртең Нуржананын туулган күнү. Эртеден бери ойлойм ошону. Белек бечкек жөнөтөйүн десем…акча минтип бүгүн болуп, кеч болсо да эртең жөнөтөмүн. А бүгүн көйгөйлөрдүн баарын унутуп…Официанттардын бирөөн чакырып, керектүү нерселерге заказ бердим.
— Мен бүгүн сиздерге өзү алыста болсо да, кызым Нуржананын эртеңки туулган күнүн белгилеп коймокчумун макул десеңиздер-сөзүмдү айтып бүтөөрүм менен «ой сен эмне мурда айтпай дымып отурасың, бүгүн майрам турбайбы, эми анык башынан баштагыла, майрамды» кыз – келиндер ансайын ызылдашат. – Ээй айымдар, эгер каршы болбосоңор мобу үч жигитти арабызга кошуп алсак анык майрам болбойбу, ансыз да силерге ашык болуп олтурушат. – Айчүрөк эже наркы бурчта олтурушкан жигиттерди ымдады.
Алардын бирөө Чынара экөөбүздүн ортобузга олтурду.
– Атым Чолпон. Сиздердикичи – жанаша олтурган Асия эже экөөбүзгө жылмайып. – Мени Асия эже дей бересиң, а бул сулуу Гүлжаз. – Экөөбүз үчүн да жооп берилди.
Мындан аркысы Нуржанага куттуктоолор, каалоолор, азил-тамаша, айрыкча Жайнактын тамашасы менен кызыды. Жанымда бөтөн эркек турганына кысынып, ээн-эркин олтуралбай калдым. Асия эжени «туруп келеличи» деп чакырып, кайра келгенде эженин ордуна олтурдум, экинчи жанымда Жайнак. Муну байкаган Чолпон күлүмсүрөп: — Гүлжаз сен тыякка кеттиң, жакшы таанышпадык да…
— А ий жигит, Чынара жетет сага, ошонун бактысын ача көр айланайын-Асия эженин сөзүнө күлдүк.
Башым айланып кызыктай болдум. Кетели деген жан жок. Эми бүгүн болгончо болду, чардай береличи. Эртең дем алыш. Бир убакта көзүмө көрүндүбү…же…келдиби Тариэл олтурат четте. Ал кайдан быякта жүрөт? Качан келген? Дагы эмнелерди баштап жүрөт? Же…Чынарага келдиби? –ар нерсени ойлоп, башым тумандап жатты. Көп ичкеним билинип эле турду. Кандай болгонун билбейм. Асия эже менен Чолпон алмашып калыптыр. Анын Нуржанага айткан куттуктоолору. Аялдарга каалоолору жана минтип таанышкандыгы үчүн стакандар көтөрүлдү. Мага ичүү такыр болбой калган. Бирок Чолпондун шагын сындырбаш үчүн ооз тийдим. Жаман болуп баратам, кафенин ичи да ызылдайт. Таза аба жутайын деп…бирок кимди айтам, жанымда Чолпондон башкасы бийлеп жүрүшөт. Тез…шашылуу керек оозумду басып тура калганымда, мага тааныш кол, тааныш элес алып жөнөдү. Эптеп жеттимби…же…ичегим аңтарылгансып кетти, кускандан кийин аябай жеңилдеп денем титиреп турду алсыздыктан.
— Жакшы элесиңби, ооруган жериң жокпу-желкемден кармап турган Тариэлдин сөздөрүнө эч нерсе дегим келбеди.
— Гүлжаз жаным, бүт үй-бүлөмдүн атынан сенден кечирим сураймын, алдыңда уят болдум, аңкоо экенмин, неге жашырдың, айтпайт белең, такыр уят болдум-колдору бетимдеги өчүп бараткан билимсиз тактын ордун назик сылап, бүт жан дүйнөсү менен өкүнүп турганын сездим.
— Бүгүн мен баарын унутуп, эс аламын деп келдим бул жерге, эч нерсе уккум жок, тынч бололу.
— Макул…бирок тиги жаныңдагы жигитти тааныйсыңбы, көлөкөдөй болуп же…
— Аны Чынарадан сура, эми таанышам го.
-Таанышканда эмне өзгөрөт?
— Анча-мынча, же көп нерселер өзгөрүүсү мүмкүн. Адамда жүрөк, көңүл деген нерселер бар экенин унутпашыбыз керек. Кайра өз ордума Чолпондун жанына олтурдум. Анан келээрин айтып, Тариэл кетти. Абалымды сурап, аны-муну сүйлөгөн Чолпонду карап келишкен мырзалардан экенин байкадым. Ак жуумал, кийим-башы тыкан, татына жылмайганы, эч бир жүрөктү бейкапар калтырбайт. Ар бир аял заты ушундай түгөйүм болсо дегидей.
Окуусун бүтүп, бир мекемеде жаңыдан иш баштап, достору менен анда-санда келээрин бул жерге, өзгөчө бүгүн жакшы болгонун, айрыкча мени менен таанышканын айтып, жылмайып койду.
0 234