Айылым киндик каным тамган жерим,
Кең пейил мейман дос кымбат элим.
Канчалаган жакшы сөздү айтсак деле,
Жейтпейтго дейм баркыңа айылым менин.
Бир аз алыс кетсем эле сагынам,
Анткени сен мени өстүрдүң жашымдан,
Көркөмү артык ашып-ташып турат батпай,
Жаратканым ушул бойдон сактачуудай,
Куттуу айылым эки тоонун ортосунда,
Айтылуу Даранын так боорунда.
Шаркырап, аккан суусу Исфайрамы,
Кереметтүү Жараткандын ал колунда.
Кооздугу көзүмдүн жоосун алат,
Эли болсо мейман дос тосуп чыгат.
Касиеттүү керемет мекенимдин,
Бир боорунда Кара-Жыгач жашап жатат.
Канчалаган кымбат асыл адам чыккан,
Мугалим, өмүр сакчы бүтпөс дастан.
Кереметтүү айылымдын ортосунда,
Билим кени Дыйкан мектеп жайланышкан.
Өмүргө сак жашоого берет кубат,
Ак халатчан аяк үзбөй иштеп турат.
Элимдин, калкымдын соолугуна,
Ар убак ушулар көңүл бурат.
Жашоого келечектин шамын жаккан,
Билим берип далайына талыкпаган.
Турмушка даярдап бөбөктөрүн,
Мектебим айтып бүтпөйм сага дастан.
Тешебаева Назгүл — Кадамжай району