МАЙРАМДАР

Кол чапкыла! Колдор майрамы!

колдор майрамы
15-октябрь күнү Кадамжай шаарында «Таза колдор» аттуу акция болуп өттү. Мектеп окуучулары ден-соолукка чакырган лозунгтар менен шаар аралап басышты. Андан кийин акция «Жаштык» кинотеатрында уланып, сөзгө чыгышкан, акимдин орун басары И.Мамарасулова жана ҮБМБ (ЦСМ) нын директору Т. Макканов окуучуларды тазалыкка үндөп өтүштү.
Т.Маккановдун медицинада көп оруулар кол аркылуу жугаарын, мындай иш-чаралар бир эле күн эмес, жер-жерлерде бат-баттан болуп турса өз жемишин берээрин белгиледи.
Мектеп окуучулары тарабынан даярдалган сатиралар тазалыктын зарылчылдыгын чагылдыра алды. Бирок алып баруучулук кылып жаткан эжекенин, такалып, адашып сүйлөгөнү бир аз ыңгайсыздык жаратты көрүнөт. Соңунда ҮБМБ тарабынан атайын сыйлыктар берилди.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы