МАЙРАМДАР

Курман айт тирүүлөрдүн майрамы

kurban_ait
Мусулман элдеринин чоң майрамы ыйык Курман айт майрамы быйыл 26-октябрда белгиленет. Бул ыйык майрамда мусулмандар Аллах үчүн курмандык чалып, айт намазын окушат. Адамдарды ынтымакка, биримдикке үндөгөн бул майрам бүт дүйнөдө майрамдалат. Ал эми ажыга барган мусулмандар ошол жерде бул күндү ибадат менен өткөрүшөт.
Курмандык араб тилинендеги «Курбан» деген сөздөн чыккан. Сөздүктүн мааниси «жакындоо, жаратканга жакындоого себеп болгон нерсе» дегенди билдирет. Курмандык чалуу курман айттын биринчи күнү айт намаздан кийин башталып, айттын үчүнчү күнү шамга чейин аткарса болот. Бирок, курмандык чалуунун айттын алгачкы күнү намаздан кийин аткарылганы абзел экендиги талашсыз.
Айт намазына чейин төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл эсептелет.
1. Эрте менен эрте туру;
2. гусул алуу;
3. тырмактарды алып салуу;
4. эң жакшы жана кооз кийимдерди кийүү;
5. тиштерди мисвак менен тазалоо;
6. мусулмандарды майрамы менен куттуктап, салам алик жайылтуу.
Бул ар бир кылынган нерсе Аллах үчүн болсо жаратканга жакындатат.
Ал эми мал жандыктарды курмандык кылуу төмөнкү адамдар үчүн парз.
1. мусулман;
2. акыл эси толук, балагатка жеткен;
3. өзүнүн туруктуу жашаган жеринде турган;
4. анын бай болуусу. Дин аалымдарынын фатвасы боюнча биздин акчага 110 миң сакталып турган оокаты болушу.(мал,авто унаа, сакталган акча).
Курман айт майрамын ибадат менен, кечиримдүүлүк менен өткөрүп, бул майрамдын тирүүлөрдүн майрамы экенин унутпасак.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы