Ж.М.Исаков, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары
Урматтуу мекендештер, урматтуу Кадамжайлык агаин-туугандар!
Сиздерди алдыбызда кирип келген, 2013-жаңы жылыңыздар менен райондук мамлекеттик администрациянын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.
Мына 2012-жыл да көз ачып жумганча, зымырап учкан куштай өтүп кетти. Өткөн эски жылыбыз өзүнүн көп кырдуу, жакшы жактары жана иштери менен эсибизде калат. Анткени, өткөн жылда Кадамжай районунда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Биз үчүн, Кадамжай району үчүн 2012-жыл жемиштүү жылдардан болду десем жанылышпайм. Себеби, районубузда быйылкы жылы 5 мектеп курулуп, бүгүнкү күндө окуучуларыбыз ал мектептерден билим алып жатышат. Андан тышкары 3 ФАП курулуп, айыл элдерин медициналык жактан тейлөөдө. Бизди өзгөчө кубанткан Пүлгөн-Бүргөндү автожолу бүтүп калды. Өзүңүздөргө маалым Бүргөндүдөгү Дюкер массиви ишке кирип жатат. Дюкер массиви чек арада жайгашкандыктан бүгүнкү күндө ал жерге элди отурукташтырууга шарттар түзүлүүдө. Ошондой эле аймактык ооруканабыздын жаңы курулушу быйылкы жылы ишке кирди. Бүгүнкү күндө оорукананын такпайы тургузулуп, дубалдары көтөрүлө баштады. Жаңы жылды утурлап атып, алдыбыздагы дагы бир топ иштерди аткарууга максат кылып олтурабыз.
Урматтуу кадамжайлык туугандар! Жаңы жыл элибизге тынччылыкты, аманчылыкты, токчулукту, молчулукту алып келсин! Ар бир үйдө ынтымак-ырашкерлик, бакубатчылык орносун! Ар бириңиздерге чың ден соолук, узак өмүр каалаймын. Жаңы жылыңыздар кут болсун!
0 27