14-сентябрь күнү Кадамжай районунда Чек арадагы көйгөйлөр боюнча тегерек стол болду. Чек арачылар, чек арага чектеш жайгашкан айылдардын айыл башчылары жана тийиштүү өкүлдөр катышышты. Кадамжай – Көк-Талаа транзиттик жолунда көйгөйлөр көп экендиги айтылды. Транзиттик жолдо катталган жол тосуулар, авто унааларга таш ыргытуу сыяктуу көптөгөн фактылыр катталган. Кала берсе Кыргызстандын чек арасынан малдарды Өзбекстан тарапка айдап өтүп кетүү фактылары катталгандыгын катышуучулар айтышты. Ал эми талашка түшкөн Жаны-жер (картада Жаны айыл) участкасында Өзбекстандын жарандары ээн-эркин жүрүшөт. Чек арачылар бул маселени эки мамлекет чечишип алса жакшы болмок дешет. Өзбекстандын жарандары биздин жер дешип, азыркыга чейин тиричиликтерин кылып жүрүшөт.
Чек арачы Надырбековдун айтымында бул маселеде бир гана чек арачылар эмес, милицияларда тартылыщ керектигин айтат. Негизинен Кадамжайда транзиттик жол жана контрабанда негизги көйгөй бойдон калууда.
Ал эми Пүлгөн айылынын жашоочусу К. Зикиряев төмөнкүлөрдү айтты: «Мен районубуз акимине кирип,канча адамдарга жер жетишпейт, Ушул Жаны-жер участкасын чечип бериниз дегем. Бирок аким бул маселени кайра козгобошумду айтты » дейт.
Кыргызстан боюнча Баткен облусунда көйгөйлөр көп экендигин жана чек арага жайгашкан жерлердин 70% чечиле элек. Бул боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Ж.Раззаков 30-июнда Жогорку кеңештин депутаттарына Коомдук угууда айткан болчу.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы