«ӨКМнин кызматкерлери ссуда алып берем деп, акча талап кылса ишенбегиле. Элдердин кой союп бергем, акча алган деген сөздөрүн угуп жатабыз».
Мындай пикирин Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 30-октябрда Кадамжай районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди. Министрдин айтымында, ссуда берүү жана аны кайтаруу жагынан бир топ маселелер бар. Быйылкы жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кадамжай районундагы Ак суу дарыясынын жээктери бекемделип, Үч-Коргон айылындагы кулап кетүү коркунучу бар таштар алынган жана Актурпак айыл округунан агып өтчү Сох дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери болгон.
Cүрөтү автордуку
Кадамжай шаарында жарандык коргонуу боюнча окуу, машыгуу жыйыны да болуп өттү. Ага район аймагындагы тийиштүү мекемелер катышып, өзгөчө кырдаал учурунда когонуу жана куткаруу иштери көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, 2011-жылдын 20-июлунда Кадамжай районунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, миңдей үйлөр жабыркаган.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы