Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров Марказ айыл аймагынын эли менен жолугушту. Жолугушууга чейин аким, Марказ айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери менен жакындан таанышып чыкты. Аким айыл аймак башчысы М.Алимбековдун жигердүү иш аракетин көрүп, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан дагы кандай жардамдарга муктаждыктар болсо, жакындан жардам берээрин билдирди.
Эл менен болгон жолугушууда Марказ айыл аймагынын тургундары Өзбекстандыктар Кыргызстандын аймагын жайыт катары пайдаланышы, мал-жандыктарын чек арадан ээн- эркин айдап, багып жатышы жөнүндө айтып чыгышты.
Буга Марказ чек ара заставасы, Өзбекстандыктардын малдарынын өтүп кетип жатышы, чек арачылардын жетишсиздигинен келип чыгып жатат- деп билдиришти.
Район акими Акрам Мадумаров Өзбекстан менен чектешкен Кадамжай районунда тактала элек чек арадагы жерлер көп экенин билдирип, такталбаган жерлерге отурукташпай турууну эскертип өттү. Марказдыктар электр энергияга байланыштуу маселе көп жаралаарын жана электр тармактар ишканасына нараазычылыктарын билдиришти.
Тийиштүү суроолорго райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жооп беришти. Аким Акрам Мадумаров бүгүнкү күндүн негизги талабы жана маалымат алмашуудагы эң керектүү болгон Марказ айыл аймагында интернет жок экенин белгилеп, жаңы-жылга чейин бир жактуу чечилүүсүн тийиштүү жетекчиликке тапшырды.
Атайын кабарчыдан