КООПСУЗДУК

КСДПнын депутаттары эл менен жолугушууда

el_kdm_001Баткен облусунда иш сапарында жүргөн КСДП фракциясынын депутаттары Кадамжай районунунда эл менен жолугушту. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков сөзгө чыгып, бийликтин аткарып жаткан иштерин айтып, алдыдагы максаттар тууралуу баяндама жасады. Эл өкүлдөрүнө суроолор менен кошо бир топ нааразычылыктар айтылды. Айрыкча Кадамжай районундагы сурма комбинаттын абалы, чек ара, социалдык маселелер көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен жолугушуулары Ош облусунда уланат.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы