КООПСУЗДУК

Мектеп рекетчилигине ким күнөөлүү?

мектеп
Кадамжай шаарындагы мектеп окуучуларынын катышуусунда мектеп рекетчилигине байланыштуу тегерек стол болуп өттү. Анда кулачын жайып бараткан, паровоз тибиндеги мектеп рекетчилигинин алдын алуу жолдору талкууланды. Мектеп окуучулары булар тууралуу кеңири ойлорун ортого салышып, мугалимдерге да нааразычылыгын билдиргендер болду. “Кээ бир мугалимдер окуучулардын кийимине карап мамиле жасашат” — деген окуучулар да болбой койгон жок.

Совет доорунда мугалим деген өтө сыйлуу кесип катары болгон болсо, бүгүнкү күндө таптакыр башкача. Окуучулардын тарбияланып өсүшүнө чоң таасирин тийгизген мугалимдер, чылым чегип, сабак учурунда же сабактан тышкары мас абалда болгону чындыгында келечек муундарга терс тарбияны берип жатканын өздөрү деле билбесе керек. Ачуу чындык, жогорку окуу жайын бүтө элек, болгондо да сырттан окугандар, мугалим болуп иштеп жаткандарда окуучулардын билим алуусуна беделин тийгизет.
Бирок буга толук түрдө мугалимдерди күнөөлөгөнгө болбойт. Көп жылдык педагогикалык тажрыйбасын, билимин окуучуларга арнаган мугалимдерда арабызда жок эмес. Өздөрүнүн укуктарын билген, бирок милдеттерин билбеген окуучулар көп экендиги талашсыз.
Ал гана эмес азыркы боевик кинолору да зыянын тийгизип жатат. Баш каармандын уруп-сабап, каршылаштарын жеңгени, кыска ойлуу окуучулар «Тинг», «Вандам» болуп чыга келишине шарт түзүүдө. Мектеп рекетчилигинин учу түрмөгө барып такалаары, жана ушундай иш-чараларды ар-бир мектепте өткөрүлсө деген тилектерин окуучулар айтышты.
Менида. Сенида баарыбызга билим берген мугалим, келечек муундардын жакшы тарбияланышы мугалимдерге тийешелүү.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы