ЖАҢЫЛЫКТАР

«Кылым карыткан карыяларыбыз бар болсун!»

el_kdm_001А.К.Мадумаров,

Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким.

Күрдөөлдүү күздөгү 1-октябрь – Карыялар күнү менен районубуздун аймагындагы бардык аталарды, апаларды чын дилимден куттуктаймын.

Жаратмандыктын жана каармандыктын үлгүсү болгон ардагерлер менен биз дайым сыймыктанабыз.  Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн сиздер ар кандай иштен тайманбай, эмгектенип жүрөсүздөр. Жаш муундар үчүн жаңы мектептерди куруп, жер иштетип, элге токчулук менен бейпилдик каалап келесиздер.

Урпактардын  көз карандысыз, эгемендүү өлкөдө эркин жашоосу, эли-журттун өз келечегинин ээси болуусу үчүн дайым кам көрүп, жакшы шарт жараткан Ардагерлерге ар дайым таазим кылабыз.

Биз, карыя-ардагерлерге колдоо, жардам көрсөтүүгө, көңүлдөрүн алууга милдеттүүбүз.

Акрамжан Мадумаров_ 3                                                                                   сүрөттө А.К.Мадумаров

Урматтуу аталар, энелер!

Сиздерге ден соолук, узун өмүр каалайм. Ар күнү жакшылыктын күбөсү болуп, уул-кыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, биздин насаатчыбыз жана сыймыгыбыз болуп жүрүңүздөр!

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы