24-июль күнү Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров баш болгон жергиликтүү жетекчилер катышкан коллегиялык жыйын болуп өттү. Анда негизинен үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана II жарым жылдыкка карата милдеттери жөнүндө жана күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүгө карата көмүр сатып алуу боюнча тендерлерди уюштуруу тууралуу сөз болду. Алгач Мамлекеттик тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрү акимдин 2 миң сомдон акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Сөзгө чыккандарга сын-пикирлер айтылып, суроолор берилди. Жыйынга катышкан карапайым тургундар даарыгерлерди сынга алып, ооруканага барган оорулууга кайдыгер мамиле жасап, ооруканага киргизбей койгон учурларды да айтып чыгышты. Ошондой эле район акими Акрам Камбаралиевич элдер тараптан даарыгерлер тууралуу арыздануулар болуп жатканын баса белгиледи. Буга жооп иретинде райондук аймактык ооруканын башкы даарыгери Эркин Аппазов бул даттануулардын үстүнөн чара көрүлө турганын билдирди.
Кадамжай райондук администрациянын берген маалыматы боюнча, районунубуз аймагында жаш балдардын өлүмү көбөйүп, 2013-жылдын 6 ай аралыгында 14 жашка чейинки 60 бала көз жумган. Жарык дүйнө менен кош айткан наристелердин 42 си 1 жашка чейинки ымыркайлар. Ошондой эле райондук төрөт үйүндө 1 эне төрөттөн көз жумуп, аны менен бирге 81 аял кесүү жолу менен төрөтүлгөн.
Мындан тышкары жыйында, район жетекчилигинин спортко да көңүл бурганы даана байкалды. Себеби, Азияны спорттун Муай-тай түрүнөн багындырган Алтынбек Бактыбаев жана Таекван-до боюнча Азиядан биринчи орунду ээлеген Гыязбек Юлдашов сыяктуу жердештерибизди сыйлоо жагы каралып, буга Айдаркен сымап комбинатынын башкы директору Толубай Салаев, жеңүүчүлөргө 10 миң сомдон берерин билдирди.
«Эл жарчысы»
Жакшы жакшы биздин район онугуп осуп жатат экенда айтышынарга караганда. Бардык проблемалар чечилип элдин койгойу жок окшойт. Чынын айтканда элдин мамлекетке ишеничи калган жок. Негизги проблемалар акча менен чечилип жатса. Аллахка рахмат элибиздин бактына Россия деген кен пейил жерди пешенебизге жазып койгон экен. Медицинанын кайдыгерлиги илгертен эле. Ага таныркаштын кереги жок. Спорт маселеси боюнча демилге которупсунор, азаматсынар. Бирок ошол биздин чемпион спортчуларга обещать этип бере турган каражатынарды оз убагында берип койсонор силерден сураныч. Мисалы мелдешке жоногондо…….