ЖАҢЫЛЫКТАР

БАЛДАР ҮЧҮН БОЛГОН КАМКОРДУК

el_kdm_001
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайынын алдында чоң майрам болуп өттү.
Майрамда Кадамжай районунун акими А.К.Мадумаров, шаардын мэри А.Т.Пазылов жана бир топ мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер куттуктады. Бул күнү жылдан-жылга салтка айланып бараткан балдар арасында сүрөт тартуу боюнча конкурс өткөрүлдү.
Балдар күнүнө арналган майрамда балдар үчүн балмуздактар, түркүн-түрлүү белектер таркатылды. Буга кеткен чыгымды демөөрчүлүк кылган мекеме-ишканаларды, жеке ишкерлерди атап өтсөк болот. Шаардык мэрия – 5000 сом, мамлекеттик каттоо башкармасы (госрегистр)-5000 сом, Кадамжай сурма комбинаты-20000 сом, «ФИНКА» микро кредиттик компаниясы-10000 сомдук белек, жеке ишкерлер Караева Азима-5000 сом, Абдыкалыкова Бурул-10000 сомдук белек, Бакиров Таалай-6000 сомдук сокторду, Божоев Эркин-5000 сом, Исаков Толкун-4800 сом, Нарбаев Камал-4800 сом, Туйбаев Исамидин-5000 сом, Жалилов Мыктыбек-2000 сом, Байматова Зина-3000 сом, Айтматова Диларам-8000 сомдук кийим кече, Жоомартов Дыканбай-3500 сомдук оюнчуктарды беришип, салымдарын кошушту.
Майрамда шаардагы музыкалык мектептин окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланып, балдардын маанайлары ачык болуп, түрлүү белектерди алышып, үйлөрүнө тарашты.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

[poll id=”3″]

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы